"Кыргызстан – тоо лыжасы жана кышкы эс алуу өлкөсү – 2016"

20-февралда «Зил» тоо лыжа базасында «Кыргызстан – тоо лыжасы жана кышкы эс алуу өлкөсү – 2016» 7-туристтик фестивалы өтөт

435797
"Кыргызстан – тоо лыжасы жана кышкы эс алуу өлкөсү – 2016"

20-февралда «Зил» тоо лыжа базасында «Кыргызстан – тоо лыжасы жана кышкы эс алуу өлкөсү – 2016” 7-туристтик фестивалы өтөт. Иш-чараны Туризм департаманти, Бишкек ишкер клубу, JICA ассоциациясынын бүтүрүүчүлөрү, Эл аралык ишкерлер кеңеши, Жөө туризм союзу, «Ретро FM» радиосу уюштурууда.

Фестиваль 2010-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Фестивалдан түшкөн каражаттар калктын социалдык аялуу катмарына кайрымдуулук көрсөтүүгө жумшалып келүүдө. Буга чейин №1 балдардын кургак учук ооруканасына, «Нурмэйайса» балдардын убактылуу баш калкалоочу борборуна, Балдардын онкологиялык борборуна, Республикалык кан куюу борборуна, Ак-Суудагы аялдардын психоневрологиялык интернат үйүнө жана балдар үйлөрүнө кайрымдуулук көрсөтүлүп келген. Бул жылы аутизмден жапа чеккен аялдарга жардам берүү пландалууда.



Тектеш кабарлар