Кыргыз тили Гугл транслейт кызматына кошулду

Бул тууралуу тил комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

434800
Кыргыз тили Гугл транслейт кызматына кошулду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан Мамлекеттик тилди интернет айдыңында жайылтуу боюнча 2014-жылы тендер жарыяланып, 5 лотту камтыган тендердин бир лоту Гугл Транслейт кызматына кыргыз тилиндеги сөздөрдү жана фразаларды киргизүүгө багытталган. Бул тууралуу тил комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Тендердин жеңүүчүсү “Биздин мурас” коомдук фонду алектенген иштин жыйынтыгы чыгып, бүгүн кыргыз тили Гугл Транслейт кызматына кошулгандыгы тууралуу кабар келди.

Мамлекеттик тилди интернет айдыңында жайылтуу боюнча иштер КР да 2020-жылга чейин мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасынын негизинде ишке ашырылып жатканын билдирген төрага Э.Эрматов мындай өңүттөгү аракеттер күчөтүлөрүн билдирди.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар