Кыргыз-кувейт алакасы

Кыргызстанда Кувейттин Маданият күндөрүн өткөрүү пландалууда

434293
Кыргыз-кувейт алакасы

2016-жылдын 15-февралында Эль-Кувейт шаарында Кыргызстандын «Маданият күндөрү» белгиленип, анда КР Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов Кувейт мамлекетинин маданият, искусство жана адабият боюнча улуттук советинин башкы катчысы Али Хусейн Аль-Юха менен жолугушту.

Али Хусейн Аль-Юха кыргыз өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирип, Кувейт эли кыргыз элинин маданияты менен жакындан таанышуу максатында Кувейтте Кыргызстандын “Маданият күндөрү” өткөрүлгөндүгүн белгиледи.

Өз сөзүндө министр Алтынбек Максутов Кувейтте Кыргызстандын “Маданият күндөрүн” уюштурууга чоң жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, мындай иш чара кыргыз-кувейт алакасын, достугун чыңдаарын белгиледи.

Тараптар искусствону жана маданиятты өнүктүрүү чөйрөсүндө, анын ичинде маданият күндөрүн, чыгармачыл жамааттардын сапарларын уюштуруу, декоративдик-прикладтык искусство көргөзмөлөрүн өткөрүү, кино фильмдерди көрсөтүү жана өз ара кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Али Хусейн Аль-Юха кыргыз элинин бай маданияты жана искусствосу менен тааныш экендигин билдирип, ушул жылы Кувейт тарап Кыргызстанда Кувейт мамлекетинин “Маданият күндөрүн” өткөрүүнү пландап жатканын айтты.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар