“Тарых жана маданият жылында” -Театрлар таймашы

Таймаш, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өткөрүлөт.

432497
“Тарых жана маданият жылында” -Театрлар таймашы

27-февраль Бишкекте алгачкы жолу театрлар таймашы өтөт. Бул тууралуу 6-февраль күнү болгон КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигиндеги расмий эмес жыйында белгилүү болду.
Идеянын автору жана долбоорду иштеп чыккан Б. Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик Жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчиси Эгемберди Чалабаев.
Таймаш, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өткөрүлөт.
27-февраль күнү Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык Драма театрда болуучу алгачкы таймашта, Б. Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры менен Мамлекеттик Учур Жаштар театры беттешет.
Башталышы: 18.00

Жобо.
1.Таймашка өлкөбүздөгү театрлардын баары катыша алат.
2.Катышкан театрлар үч жанырдагы чыгарма даярдоого тийиш. (Драма,трагедия,комедия)
3. Ар бир чыгарма 10минутадан болушу керек.
4. Чыгарманы, таймашка түшүүчү тетатрлар өздөрү тандап алат жана калыстарга алдына аламаалымдалат.
5.Беттешүүчү театрлар чүчү кулак аркылуу аныкталат.
6.Ар-бир таймашта экиден театр ат салышат.
7.Калыстардын тапшырмасы менен кошумча чыгарма аткарылат (убактысы 2 мин,даярдануугу 1 мин).
8.Калыстар деректолор кеңешинде сунушталып , бекитилет.
9.Калыстардын курамы 10 кишиден турат .
10. Калыстар 10 баллдык системада баа коюшат.
11.Театрлар таймашы айлампа негизинде өтөт.
12.Таймаш эки сезонго бөлүнөт Жаз жана Күз болуп.


Жеңишке жетишкен театрларга акчалай сыйлыктар берилет.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар