Чүй облусунун аймагында кышкы эс элуу фестивалы өтөт

Туризм департаменти ага катышууга чет мамлекеттердеги спорт сүйүүчүлөрүн чакырат.

431047
Чүй облусунун аймагында кышкы эс элуу фестивалы өтөт

20-февралда “Кыргызстан-тоо лыжасынын жана кышкы эс алуунун өлкөсү” деп аталган фестиваль Бишкектин четиндеги ЗИЛ эс алуу борборунда өтөт. Бул тууралуу “Тоо туризми” бирикмесинин башчысы Марат Данилов билдирди.

Бул күндөрү Туризм департаменти ага катышууга чет мамлекеттердеги спорт сүйүүчүлөрүн чакырат. Катышуучулардын саны чектелбейт-деди ал.
“Фестивалдын максаты – кыргызстандыктарды кышкысын да активдүү эс алууга чакырып, ден соолукту чыңдоо болуп саналат. Ал жерде ар кандай уюмдар каражат топтоп, аны оорукчан балдарды дарылоого тапшырышат. Фестиваль Жапониянын JIKA уюмунун демилгеси менен 2010-жылы алгач ирет уюштурулган. Андан бери жыл сайын өтүүдө”,-деп кошумчалады М.Данилов.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар