10-февралда Кыргыздрам театрында “Саманчынын жолу” спектакли башталат

Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун бул чыгармасы мурдатан эле коюлуп келген болсо да, бул жаңы коюлушунда бир топ жаңычыл жактары, көркөм жасалгаларынын натыйжалуулугу менен айырмаланат

429243
10-февралда Кыргыздрам театрында “Саманчынын жолу” спектакли башталат

Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында 10-11-12-февралда, кечки саат 18де “Саманчынын жолу” спектакли башталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине театрдын адабий бөлүмүнүн башчысы Алтынай Темирова билдирди.

Анын айтымында, спектакль Чынгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повести боюнча инсценировкаланган. Койгон режиссер – Марат Козукеев.
“Саманчынын жолу” театрдагы акыркы кездеги креативдүү коюлган спектакль. Жашоо үчүн болгон күрөштөгү жөнөкөй адамдардын эрдиги, каармандыгы, рух дүйнөсүнүн бийиктиги, акылмандыгы, чыгарманы поэтикалык, философиялуу притчага айланткан. Адам рухунун жеңилбестигин, түбөлүктүүлүгүн, кыш артынан дайым жаз келээрин, дайым жакшылык жеңип тураарын даңазалоонун символу болгон чыгармадан алынып коюлган.

Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун бул чыгармасы мурдатан эле коюлуп келген болсо да, бул жаңы коюлушунда бир топ жаңычыл жактары, көркөм жасалгаларынын натыйжалуулугу менен айырмаланат”,-деди ал.

“Ролдордо: Толгонай – А.Сыдыгалиева. Жер Эне – А.Назаркулова, А.Осмонова. Субанкул – Н.Салидинов. Касым – А.Мурадилаев, Ж.Касейинов. Майсалбек – Д.Жанжигитов, А.Качкынбаев. Жайнак – А.Болорбек уулу, А.Осмоналиев. Алиман – А.Кыйыкбаева, Р.Орозова. Бекташ – К.Атакан уулу, Д.Байгожоев. Айша – Р.Орозова. Толгонайдын жаш кези – Н.Абдыкадырова. Субанкулдун жаш кези – Б.Шаршенбаев. Көпчүлүк сахнада – М.Асанбекова, Д.Байгожоев, К.Атакан уулу ойнойт”,-деп кошумчалады А.Темирова.



Тектеш кабарлар