Дүйнөлүк кризис Кыргызстандын экономикасына кандай таасир тийгизүүдө?

2015-жылы дүйнөлүк экономикадагы кризиске карабай, Кыргызстандын улуттук экономикасында төмөндөө байкалган жок

424870
Дүйнөлүк кризис Кыргызстандын экономикасына кандай таасир тийгизүүдө?

Экономикалык держава аталган өлкөлөрдөгү кризис, айрыкча мунайга болгон баанын кескин төмөндөшү бул энергетикалык ресурстарды өндүргөн өлкөлөрдүн экономикасына каттуу сокку урду.
Азербайжанда да улуттук валюта – манаттын куну кескин ылдыйлап, жарандар банктардан алган кредитин төлөй албай, нааразычылыктар жаралууда. Биз менен экономикасы тыгыз байланышкан Россия менен Казакстандагы абал деле жакшы эмес.

Экономика министри Арзыбек Кожошевдин 2015-жылдагы көрсөткүчтөрү тууралуу “Кабар" агенттиги мындайча жазган: “2015-жылы дүйнөлүк экономикадагы кризиске карабай, Кыргызстандын улуттук экономикасында төмөндөө байкалган жок жана өсүштүн оң темптери сакталып калды. Алдын ала маалымат боюнча, өлкөбүздүн экономикалык өсүшү 3,5%ды түздү. Ал эми “Кумтөр" кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо жалпысынан 4,5%дык жогорулоо болду.

“Экономиканын мындай өсүшү айыл чарбасында 6,2%га, курулушта дээрлик 14%га, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 3,7%га өсүштөн улам камсыздалды. Тилекке каршы “Кумтөр" кенинде алтынды өндүрүү кыскаргандыктан, өнөржайда өндүрүштүн өсүүсүнүн терс темптери түзүлдү",-деди министр.
А.Кожошевдин айтуусунда, керектөө бааларынын кымбатташына, сомдун арзандашына жана баалардын жогорулашына алып келип жаткан терс факторлорго карабастан, Өкмөт Улуттук банк менен биргеликте инфляция деңгээлин 3,4%дын деңгээлинде сактап калды. Инфляциянын орточо жылдык көрсөткүчү 6,5%ды түздү.

А. Кожошевдин айтуусунда, Россия менен Казакстан жана башка мунай экспорттогон өлкөлөрдөгү экономикалык кризис мунайдын баасынын арзандашына байланыштуу. Анткени аларда экономиканын баардык тармактары негизинен мунайдан түшкөн кирешеге байланыштуу. Эл аралык валюта фондунун божомолунда, дүйнөлүк экономиканын көрсөткүчү төмөндөп, 3%дын чегинде болору күтүлүүдө. Ал эми Евразия бирлигине кирген Россия менен Белорусияда реалдуу экономика 4%га кыскарган. Казакстан менен Армениядагы көрсөткүч 1,2 жана 3,0%га төмөндөгөн. Ал эми Кыргызстанда бул өлкөлөргө салыштырмалуу төмөндөө эмес, өсүш байкалып, 3,5%га жогорулаган.

Кыргызстандагы экономикалык өсүштөр тууралуу ушул жумада Казакстандын“Караван.kz." басылмасы да жазды. “Казакстандын экономикасы Кыргызстанды кубалап жеткенче көп бар" деп аталган макалада бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасы коңшуларга салыштырганда эң эле оптималдуу болуп чыга келгендиги белгиленген.

“Сиздер кызыктай нерсени байкадыңыздарбы: жайында эле бир кыргыз сому 3,5 теңгеге бааланып жаткан, ал эми январь айында 5 теңге болуп калды. Бир рубль жайында 1,2 сом болуп жаткан. Ал эми бүгүнкү күндө сом рублдан дагы баалуу болуп чыга келди. Жарым жылдын ичинде биз 2 эсеге арзандадык, ал эми сом болсо болгону чейрек бөлүгүнчө гана кунун жоготту",- деп жазат аталган казакстандык басылма.
“Өзүнүн коңшуларына салыштырганда Казакстан дайыма экономикалык гигант болуп келген. 2014-жылы биздин экономика Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын баарын кошкондогудан дагы чоң болгон. Ошол эле учурда Казакстандын калкы 17 миллион адам, ал эми биздин коңшуларда баары биригип 50 миллиондон көп. Эмне үчүн мындай болуп калды? Көпкө баш оорутуп издөөнүн кереги жок. Бул- мунай жана чийки затты кайра иштете турган ири заводдор",- деп анализ берет казак басылмасы.

“Кабарордо" маалымат сайты өткөн жумада Анкарада өткөн кыргыз-түрк бизнес-форумуна кайрылып, “Кыргызстан Түркия менен соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар" деген темадагы макалага орун берген: “Кыргызстан Түркия менен экономикалык алакаларды жакшыртууга өзгөчө көңүл бөлөт. Бул тууралуу Экономика министри Арзыбек Кожошев Түркиянын Өнүгүү министри Жевдет Йылмаз менен Анкарадагы жолугушууда билдирди. Анын айтуусунда, Түркия Кыргызстандын тышкы соодадагы негизги өнөктөштөрүнүн бири.
Жеевдет Йылмаз эки тараптуу кызматташтыкка оң баа берип, аны мындан ары да күчөтүү зарыл экенин белгиледи.
Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар алмашуу 2015-жылы бир жыл мурдагыга караганда 80 миллион долларга азайган. 2014-жылы товар алмашуу 312 миллион доллардан ашса, 2015-жылы 232 миллион 800 миң долларды түзгөн. Адистердин белгилешинче, экспорт жана импорттун төмөндөшү дүйнөдөгү экономикалык кризистерге жана Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киргенине байланыштуу болгон. Кыргызстанда кыргыз-түрк биргелешкен 300 ишкана бар".

“Азаттык" радиосу Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жетектеген парламенттик делегация өткөн жумада Сауд Арабиясында иш сапар менен болгондугуна токтолуп, сапар учурунда кандай маселелер талкуулангандыгын жана бул өлкөдөн Кыргызстанга энергетика тармагына инвестиция тартуу канчалык мүмкүн экендиги тууралуу суроого депутат

Сайдулла Нышанов төмөндөгүдөй жооп берген:
“Эми туура бааласак, Сауд Арабиясынын бир жылдык бюджети биздин 400 жылдык бюджетибизге тең келет экен. Алар үчүн Кыргызстан экономикасы көп деле кызыкчылык туудурбайт. Бирок ислам дининдеги боордош өлкөгө жардам берип, колдоо максаты бар экени байкалды. Бүгүнкү күндө кыргыз өкмөтү тараптан так жана даана долбоор берилбегени мага ошол жакта айкын болду. Алар бардык тараптар боюнча бизди колдоого даярдыгын билдиришти".


Эмилбек Момунов, “Кабар" маалымат-аналитикалык борбору



Тектеш кабарлар