Илим жана маданият көпүрөлөрү - 38

Түрк тектүү калктардын орток дастандары

189435
Илим жана маданият көпүрөлөрү  - 38


Урматтуу окурмандар, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында түрк тектүү калктардын орток маданий баалуулуктары болгон “дастандар” жөнүндө сөз кылмакчыбыз.

Дастан – тарыхта болуп өткөн окуялардын оозеки же жазуу түрүндөгү баяны. Дастан сөзү фарс тилинен которгондо “окуя, уламыш, болумуш” деген маанилерди билдирет. Улуттук дастандар негизинен жеке кишинин эмес, жалпы улуттун орток аң сезиминен жаралган чыгармалар. Түрк тектүү калктар арасында “дастан” термини бир канча мааниде колдонулуп келүүдө. Түрк тектүү калктардын дастандарынын өзөгүндө негизинен батыштагыдай эле “баатырдык эпостор” турат. Лирикалык ж.б. темадагы дастандар баатырдык дастандарга караганда кийинчирээк жаралган деген божомолдоолор бар.
Дастандар калктын акыл жана билим менен башкарыла элек, жазуусу жок алгачкы учурларда адамдардын кыйын турмушун, сүйүнүчүн, улуу көчтөрдү, урунттуу окуяларды же болбосо өлүм менен өмүрдүн ортосунда калган кыйчалыш учурду мифтик сүрөттөөлөрдүн жардамы менен айтылышы деп мүнөздөөгө болот.
Дүйнөдөгү эң бай оозеки чыгармачылык маданиятынын ээси болгон түрк тектүү элдердин орток маданияты, оозеки чыгармачылыктын негизги жанрларынан болгон «баатырдык дастандар» боюнча дүйнөлүк адабияттын эң негизги үлгүлөрүнө ээ.
Дастандар түрк тектүү калктар арасында убакыттын өтушү менен элдик оозеки чыгармачылыктын башка түрлөрүнө өтүп же легенда, уламыш кээде жомокко айланып кеткен учурларын кездештирүүгө болот. Мисал келтире турган болсок, Алпамыш дастаны, казак, өзбек, алтай, каракалпактар арасында өзүнчө баатырдык дастан катары айтылып келген болсо, азербайжан, түркмөн жана түрк калктары арасында «Бөйрек бий» аттуу уламышка айланып, башка бир дастандын ичине кирип кеткен.
Эми орток дастандарыбызга келе турган болсок, учурда түрк тектүү калктар арасында эң кеңири жайылган дастан Огуз каган дастаны болуп эсептелет. Огуз каган дастанынын бугүнкү күнгө чейин сакталып калган эң эски жазуу түрүндөгү нускасы уйгур алфавити менен жазылган. Окумуштуулар аны XIII – кылымдан кийин жазылган деп болжолдошууда. Бирок мазмуну абдан эски. Уйгурлар Орхон дайрасынын жээгин жайлап турган 840 – жылдан мурда пайда болгон болсо керек деген божомолдор бар. Бул нуска арадан канча убакыт өтсө да негизги өзөк сакталып, убакыттын өтүшү менен тилге кирген жаңы сөздөр колдонулуп, кайрадан жазылган деп айтууга болот. Бул чыгарманы алгачкы жолу В.В. Радлов 1890 – жылы “Фиксимиле уйгурской рукописи” аттуу эмгегинде которуп, жарыялаган. Андан кийин бул чыгарма тууралуу Щербак, Бернштам сыяктуу улуу түркологдор да өз ойлорун айтып өтүшкөн. Кийинки жылдарга таандык фарсча Огуз каган дастандары да табылган. Бул дастандардын мазмуну уйгурлардын Огуз каган дастанына окшош болгону менен Анатолиялык түрктөрдүн көз караштарын чагылдыргандыгы көрүнүп турат. Бул эки чыгармадан Огуз каган дастанынын жалпы түрк тектүү калктардын орток чыгармасы болгон деп айта алабыз.
Түрк баатырдык дастандарын изилдеген орус окумуштууларынан В. М. Жирмунский Орто Азияда айтылып жүргөн “Алпамыш” дастанынын Алтайлардын “Алып Манаш” дастаны менен окшош жактарын таап чыгып, бул дастан түрк кагандыгынын учурунда пайда болгон болсо керек деген ойлорун билдирген. Айрыкча “Манас” эпосундагы “Алманбеттин окуясы” эпизодундагы окуяларды да бул дастан менен байланыштырат. В.М. Жирмунскийдин оюу боюнча Огуз түрктөрү бул дастан менен IX – X - кылымдарда Сырдарыянын төмөн жагында таанышышкан жана алардын Деде коркут дастанына “Бамсы Бейректин окуясы” деген ат менен кирген. Алпамыш кыпчактар аркылуу Казакстан жана Волга дарыясынын жээктерине чейин тараган жана улуттук баалуулук деңгээлине чейин өнүккөн.
Алпамышты эл оозунан жыйнап алгачкы жолу жарыялаган А. К. Воровков, аны Орто Азиялыктарга таандык деген бүтүм чыгарган. В. М. Жирмунский Алпамышты түрктөрдү дастан жаратуучулугунда өзгөчө оорунга коюуп, “калктын дастан жаратуучулугунун өзөгүндө сакталып калган эң эски дастан темасы” деп мүнөздөгөн. Бул мүнөздөмөсүн Алтайдан Ортоңку Волга, Уралдын түштүгү, Кавказ жана Ыраакы Чыгышка чейинки хандыктардын баардыгынын эсинде сакталып калгандыгы менен түшүндүргөн.
Дагы бир улуу дастан – Деде Коркут дастаны деп аталат. Түркиялык окумуштуулар канчалык “Деде Коркут дастаны” Анатолияда жашаган түрктөрдүн дастаны деп далилдөөгө аракет кылышканы менен учурда Дресден китепканасында жазылган эң эски нускасынын киришүү бөлүмүндө Коркут ата деп башталат. Ата сөзү бул дастандын Орто Азия түрктөрүнө таандык экендигинин далили. Болжол менен XIII – кылымга таандык деп эсептелген бул чыгармада, киришүүдөн кийин жазуучу жергиликтүү тилде “Деде Коркут” деп атай баштаганы көрүнүп турат. Айрыкча Алишер Навоинин “Несаимүл махаббе” аттуу чыгармасында да “Коркут ата” деп айтылат. Жогорудагы далилдер бул чыгарманын башка дастандардай эле Орто Азияда жаралып Анатолияда жазууга өткөндүгүн айгинелейт.
Айрыкча эзелки уламыштын учу – кыйыры көрүнбөс кенендиги менен тубү билинбес тереңдигин ойго сыйдырып, көңүлгө көгөндөп, улуу сөздү көөнөртпөй ар бир муундун көз алдына тутуп, маңдайына кармап туруш үчүн ашкан интелектиси, опсуз фантазиясы жана жанда жок артисттик таланты бар, бир эшиткенин эзели эсинен чыгарбаган куйма кулак айтуучулар керек болгон.
Түрк тектүү калктар арасында түрктөр, азербайжандыктар дастанчыларды ашык, озан, алтай, тыва, хакастар кайчы, хайчы, түркмөн, өзбектер бакшы, каракалпактар жырав, кыргыздар жомокчу казактар акын, татарлар чичен, башкурттар сусан, сисен деп атап келишет.
Бул дастандардын жана дастанчылардын жогорудагы түрк тектүү элдерде болушунун өзү эле, орток маданиятыбыздын канчалык күчтүү байланышта экендигинин далили десек болот.
Программаны обого даярдагандар – Назгул Кадырова жана Элдар Орозалиев.
Саламатта болуңуздар!


Адабияттар:

1. A. Gökdağ, K. Üçüncü, Başlangıçtan Günümüze Türk Destanları, Ankara, 2007, s 13.
2. A. K. Kalkandelen, Büyük Türk Destanları, Ankara , 2002.
3. B. Ögel, Türk Mitolojisi, Ankara, C.I., 2010.
4. Ö. Çobanoğlu, Türk Dünyası Epik Destan Geleneği, III. Baskı, Ankara, 2011.
5. “Кожожаш”, Кыргыз улуттук илимдер академиясы, Тил жана адабият институту, Эл адабияты серисы, Бишкек, Шам басмасы, 1996.
6. S. Sakaoğlu, A. Durmaz, İslamiyet Öncesi Türk Destanları, İstanbul, 2010.
7. V. M. Jirmunskiy, Türk Kahramanlık Destanları, Çevirenler: İsmail M, Arslan – Erol H. Ankara, 2011.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар