Илим жана маданият көпүрөлөрү - 36

Магзуни

185554
Илим жана маданият көпүрөлөрү  - 36

Кадырлуу окурмандар, бүгүн Кыргызстандык аалым жана мамлекеттик ишмер Зиябидин Максым жана анын Стамбулда табылган «Фаргана хандарынын тарыхы» аттуу эмгеги тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Тарыхый булактарда толук аты Мухаммед Зияуддин Махсум-Даммулла-Шариф оглы деп жазылган Шарип уулу Максымдын туулган жылы тууралуу так маалымат жок. Кыяс Молдокасымов Зияудин Магзунинин кыргыз экенин, анын туугандары азыркы Ноокат районундагы Төөлөс айылында жашап турушаарын изилдеп тастыктаган. Магзунинин урпактарынын айтуусуна караганда, анын ата-бабалары билимдүү кишилер болушкан.
Магзуни көптөгөн жылдар Кокон ордосунда хандын катчысы, иш башкаруучу болуп иштеген. Тарыхый булактарда Магзунинин Мала хандын уулу Султан Сеиттин хан болушунда маанилүү рол ойногондугу жазылып калган.
Магзуни 1898-жылдагы Анжиян көтөрүлүшүндө активдүү рол ойногон. Дукчи эшен жетекчилик кылган Анжиян көтөрүлүшү боюнча жазышкан кээ бир орус илимпоздору көтөрүлүш жасоо идеясынын Магзуниге тиешелүү экендигин баса белгилешкен. Түркиядан Дукчи эшенге падышанын катын алып келген Абдулжалил менен эшенди Магзуни жолуктурган. Дукчи эшендин «эшендик» документин да Магзуни жасап берген деген маалыматтар бар. Көтөрүлүш аёсузча бастырылгандан кийин Магзуни Абдулжалил менен бирге Кашкар тарапка качып кеткен. Орус булактарында анын ошол жылдарда 80ден ашып калганы жазылган. Магзунинин андан кийинки тагдыры тууралуу маалыматтар бизге белгисиз.
Зиябидин аалымдын урпактары Ноокат районунун Төлөс айыл өкмөтүндө, Караванда жана Кызыл Кыяда жашашат. Алардын демилгеси менен «Зиябидин Максым» атындагы фонд курулган. Бул фонддун төрагасы Мухтар Бостонбаев Зиябидин Максымдын уулу Сиражидин Максымдын да беш жүз отуз эки беттен турган көлөмдүү кол жазмасы табылганын, бул кол жазманы да которуп басууну максат кылып жатышканын билдирген. Магзунинин уулдарынан Шаиддин Шабдан баатырдын медресесинде балдарга сабак берген. Бул маалыматтар Магзунинин убагында балдарынын билим алуусуна аябай маани бергендигин көрсөтүп турат.

Урматтуу окурмандар, эми болсо Магзунинин Түркиядан табылган эмгеги тууралуу учкай сөз кыла кетели. Зиябидин Максымдын «Фаргана хандарынын тарыхы» эмгеги 1992-жылы белгилүү тарыхчы жана чыгыш таануучу Анварбек Мокеев тарабынан Стамбул университетинин кол жазмалар фондунан табылган. 833 барактан турган кол жазма 19-кылымдын 2-жарымында чагатай тилинде жазылган. Аталган эмгек Кудаяр хандын өзүнүн талабы менен жыйырма эки жыл бою жазылып, анда Кудаяр хандын жети атасы жана Кудаяр хандын өзүнүн өмүр таржымалдары жазылган.
«Фаргана хандарынын тарыхы» чыгармасы Кокон хандыгы боюнча жазылган көлөмдүү жана мазмундуу эмгек болгондугу менен өзгөчөлөнүп турат. Эмгекте тарыхчылар тарабынан талаш жаратып келген «Алтын Бешик» санжырасы тууралуу маалымат берилбейт. Бирок Кудаяр хан доорундагы окуялар кенен чагырдырылган. Чыгарманын бир башка баалуу тарабы, анын кээ бир жерлеринин Кудаяр хан тарабынан жаздырылып эле калбастан, хандын кол жазманы баштан аяк окутуп угуп толуктоолор киргизген десек болот.
Чыгарманы Түркияга алып келген инсан Абдурахим эфенди болуп саналат. Кол жазманын аягында да чыгарманын Түркиядан келген Абурахим эфендиге автор тарабынан өткөрүлүп берилгендиги жазылган. Кудаяр хан Абдулазиз уулу Абдурахим менен 1882-жылы Меккеде таанышкан. Кийинчерээк Кудаяр хан анын Стамбулдагы үйүндө да үч айдай мейман болгон. Стамбулда жүргөн кезинде Кудаяр хан Абдурахим эфендиден бир учурда карыз болуп калган бай адамдардан 12 миң алтын акчасын уулдары жана аялдары үчүн өндүрүп берүүсүн суранып, ага тиешелүү документтерин, тил катын ишенип тапшырган. Абдурахим эфенди тактан кол жууп калган Кудаяр ханга жардам берүү үчүн Осмон падышасы Абдулхамидге кайрылып падышадан Кудаяр ханга көмөк көрсөтүү боюнча колдоо сөзүн алган.
Абдурахим эфенди Кудаяр хандын керээзин ишке ашыруу үчүн 1887-жылдын аягында Ферганага келет. Кудаяр хандын бала-чакасына жолугуп колундагы документтерди тапшырат. Кыяз Молдокасымовдун берген маалыматына караганда, 1887-жылдын аягы же 1888-жылдын башында Анжияндын жака белинде Магзуни Абдурахим эфендиге кол жазманы тапшырган. Кол жазманын Абдурахим эфендиден Стамбул университетинин китепканасына кандай келип калганы азырынча белгисиз.
«Фаргана хандарынын тарыхы» Молдо Сабыр Досбол уулу жана Омор Сооронов тарабынан кыргызча которулуп, Зиябидин Максым атындагы фонддун колдоосу менен 2007-жылы Турар басмаканасында басылды. Абдурахим эфенди сыяктуу илимге баа берген инсандардын убагында жасаган иш аракеттеринин натыйжасында кыргыздын дагы бир чыгаан аалымы жана анын эмгеги тууралуу маалыматка ээ болуп олтурабыз. Түркстан менен Түркиянын ортосунда көпүрө болгон улуу инсандарыбызга чексиз ыраазычылыгыбызды билдирип таазим кылабыз.
Кадырлуу окуррмандар, программаны обого даярдагандар – Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.

 

Адабияттар:
Anvarbek Mokeev, “Hokand hanligi tarihine ait yeni bilgiler”, Bir, Sayı: 1, Istanbul 1994, s.107-113.
Döölötbek Saparaliyev, “Kırgız Türk Kültürel ve Siyasi İlişkilerinin Tarihi (XIX. Yuüzyılın Sonu XX. Yüzyılın Başlangıcı)”, Akt. Ulanbek Alimov,Turkish Studies, II/2, Yaz 2007, s. 545- 550.
Магзуни, Фаргана хандарынын тарыхы. Бишкек, 2007.
«Фергана хандарынын тарыхы жөнүндө китеп чыкты», http://www.azattyk.org/content/article/1268248.html, Маалыматты көчүрү датасы: 02.09.2014.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар