Илим жана маданият көпүрөлөрү - 35

Түркстан менен Анатолиянын ортосундагы адабий-руханий көпүрөлөр- Абдуллах Нидаи

184868
Илим жана маданият көпүрөлөрү - 35

Көпчүлүккө маалым болгондой, Накшибандилик бухаралык Мухаммед Бахауддин Накшибанди тарабынан негизделген сопулук агымы болуп саналат. Осмон доорунда Түркстандан Анатолияга келип отурукташып калган түркстандык акындардын бир бөлүгү Накшибандинин жолун жолдоочулар болгон. Алар Осмон мамлекетинде накшибандиликтин жайылуусунда чоң роль ойношкон
Осмон мамлекетинде Орто Азиядагы түрк тектүү калктардын маданиятын накшибендилик жолу аркылуу тааныткан инсандардын эң алдыңкы катарында бухаралык акын Эмир Ахмед менен кашкардык акын Абдуллах Нидаи турат. Эмир Ахмед 15-кылымдын орто чени - 16-кылымдын башында жашап өткөн акын жана сопу болгон. Эмир Ахмед Бухари накшибандиликти Анатолияга алып келген сопулардын бири катары таанымал. Стамбулда накшибанди тарикатынын эң алгачкы ибадатканаларын Эмир Ахмед ачкан. Ал эми кашкардык Абдуллах Нидаи 17-кылымдын аягы - 18-кылымдын биринчи жарымында жашап өткөн акын жана сопу болгон. Нидаи шейхтик кылган Стамбулдагы «Кашкари» ибадатканасы 18-кылымда нашибандиликтин эң негизги борборлорунун бири болгон.
Кадырлуу угармандар, «Илим жана маданият көпүрөлөрү» программасынын 30-чыгарылышында Эмир Ахмед Бухари тууралуу сөз кылган элек. Ошондуктан бүгүнкү уктуруубузда Эмир Ахмед Бухаринин өмүр-таржымалына токтолбой эле, кашкардык акын Абдуллах Нидаи жөнүндө гана кеп кылууну туура көрдүк.
Абдуллах Нидаи Чыгыш Түркстандагы негизги шаарлардын бири Кашкарда 1688-жылы туулган. Чыныгы аты Абдуллах ибн Мухаммед ал-Кашкари болгон. «Нидаи» деген псевдоним менен таанылган. 17 жаш курагында Накшибенди тарикатынын шейхи Мевлана Азхари-и Кашкари менен таанышып, анын Кечадагы ибадатканасында сопулуктун негиздерин үйрөнгөн. Бир канча мезгил өткөндөн кийин устатынын сунушу менен Самарканд, Бухара, Балх, Герат жана Кожентти кыдырып, ушул жерлердеги көптөгөн сопулардын күмбөздөрүнө зыярат кылган. Андан кийин Хорасан, Шираз, Багдад жана Дамаск сымал жерлерде болгон. Абдуллах Нидаи Дамаскта Ажы Мухаммед Балхынын жанында калып, ага бир канча мезгил кызмат кылган. Андан кийин Күдүстө болгон. Күдүстөн Меккеге өткөн. Меккеде ажылык милдетин орундаткан. Үч жыл Меккеде жашагандан кийин Стамбулга келип, бул жерде отурукташып калган. Абдуллах Нидаи өмүрүнүн жарымынан көбүн эл кыдырып, жер кыдырып өткөргөн десек жаңылышпайбыз. Ал өзүнүн «Хаккыйе» аттуу чыгармасында кырк беш жыл шаардан-шаарга өтүп жер кыдырып «хактын» ээсин талап кылганын айтып өткөн.
Нидаи Стамбулдун Эйүп тарабында жайгашкан, Лализаде Абдулбаки тарабынан негизделген ибадатканада үч жыл шейхтик кылган. «Календерхане» деп аталган бул ибадатканада Түркистан тараптан келген дервиштер чогулган эле. «Календерханенин» эрежелери катуу болгон. Мисалы, бул ибадатканада «үйлөнбөө» (бойдоктук) деген принцип бар эле. Айрым булактарга караганда, үй-бүлөө курууну көздөгөн Абдуллах Нидаи «Календерханенин» дал ушундай эрежесинен улам бул жерден кетүүнү чечкен. Ал 1746-жылы Йекчешм Ахмед Муртаза салдырган «Муртаза Эфенди» ибадатканасына кетип, ал жерде шейхтик кыла баштаган. Ибадаткананын түптөөчүсү Йекчешм Ахмед Муртаза болгону менен Абдуллах Нидаи ибадаткананын биринчи шейхи деп эсептелген. «Муртеза Эфенди» ибадатканасы Абдуллах Нидаи кашкардык болгондуктан «Кашкари» ибадатканасы деген ат менен да таанылган. Ажылык сапарга бараткан түркистандыктар сөзсүз түрдө бул ибадатканага келип кетишчү экен. Кээ бир окумуштуулардын пикиринде, «Эмир Бухари» ибадатканасы сыяктуу эле «Кашкари» ибадатканасы да Орто Азия түрк маданиятын накшибендилик жолу аркылуу тааныткан борборлордун бири болгон. Абдуллах Нидаи өмүрүнүн соңуна чейин бул ибадатканада шейхтик кылып, накшибандиликтин Осмон мамлекетине жайылуусуна чоң салымын кошкон. Ал 1760-жылы көз жумган.
Кадырлуу окурмандар, эми болсо кашкардык акын Абдуллах Нидаинин чыгармалары жөнүндө учкай сөз кыла кетели.
Абдуллах Нидаи фарс адабиятына кызыккан. Өзү да чыгармаларынын көбүн фарс тилинде жазган. Анын фарсча «диваны» менен «Рисале-и Хаккыйе» аттуу чыгармасы бизге жеткен. Бул эки эмгектин нускалары Стамбулдагы китепканаларда сакталып турат.
Түркиялык илимпоз Азми Билгиндин берген маалыматына караганда, Нидаинин фарсча «диванынын» ичинде чагатай тилинде жазылган 2 ыры орун алган. Бул ырлар Мухаммед пайгамбар менен Накшибанди тарикатынын негиздөөчүсү Мухаммед Бахауддин Накшибандиге арналып жазылган.
Нидаинин чыгармалары тууралуу сөз кылып жатканда айта кетчү нерсе, айрым булактарда Абдуллах Нидаи фарсча «диваны» менен «Рисале-и хаккыйе» деген эмгегинен тышкары «Рисале-и Мухтасар», «Эсрар-ы темхид» жана «Фукара» аттуу чыгармаларды жазган деген маалыматтар бар.
Урматтуу угармандар, ушуну менен бүгүнкү уктуруубуз соңуна чыкты. Программаны обого даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.
Cаламатта болуңуздар!

Адабияттар
1. Azmi Bilgin, “Abdullah Nidâî ve İki Şiiri”, http://www.journals.istanbul.edu.tr/iutded/article/viewFile/1023018061/1023017296, Erişim Tarihi: 20.07.2014.
2. Вахит Гөкташ, Тасаввуф, www.tasavvufakademi.com, Erişim Tarihi: 20.07.2014.
3. Güller Nuhoğlu, “Abdullah Nidâî ve Hakkiyye Risalesi”, Nüsha, Yıl:1, Sayı: 3, Güz 2001, s. 145-152.
4. Cemâl Kurnaz, Türkiye-Orta Asya Edebi İlişkileri, Ankara: Akçağ Yayınları, 1999.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар