Илим жана маданият көпүрөлөрү - 34

Добулбас

182586
Илим жана маданият көпүрөлөрү  - 34

Урматтуу окурмандар, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында түрк тектүү калктардын орток маданий баалуулуктарынын бири болгон добулбас тууралуу сөз кылабыз.

Ал эшиктин оозунда
Пил терисин каптаган
Кабар салчу добулбас
Добушун уксаң оолак бас, - деп “Манас” эпосунда жана тарых баяндаган адабий чыгармаларыбызда “добулбас” жөнүндө көп эле жолуктурабыз. Добулбас жалпы түрк элдеринин улуттук урма музыкалык аспабы болуп эсептелет. 20 - кылымда кыргыз эли добулбасты тарыхый - адабий чыгармаларда гана жолуктуруп уккан болсо, учурда ар түрдүү фольклордук ансамблдерде активдүү колдонулуп келе жатат. Добулбас түрк тектүү элдерде, мисалга алсак, Түркия мамлекетинде “мехтер” аттуу фолклордук топто, тойлордо, күрөш оюндарында жана орозо айында соордо элди ойготуу үчүн активдүү колдонулат.
Кыргыз элинде добулбас, казактарда дауылпаз, өзбек элинде чындоыл, түрк элинде давул делген добулбас- арапча “табл” сөзүнөн кабыл алынып, жыгач алкагынын бетине тери кере тартылып жасалган жана атайын жыгач аспап менен же алакан менен кагылып ойнолуучу музыкалык аспап. Добулбасты 11 -кылымдын улуу ойчулу Кашкардык Махмуд өзүнүн “Диваны лүгат-ит түрк” аттуу чыгармасында “тобыл” деп жазып калтырган. Бул сөздүн арап тилинен киргенин жана мусулман өлкөлөрүнүн көбү бул атты колдонгонун билдирген, бирок, ошол эле учурда “өзүбүздүн түрк тилибизден да жолуктурдум”- деп эскерген. Мына ушуга таянып, тилчилердин кээ бирөөлөрү “добулбас” сөзүн эски түрк тилинде колдонулган “топ” сөзүнөн жаралганын айткандар бар.
Добулбас жөнүндө алгачкы жолу биздин заманга чейинки үчүнчү миң жылдыкта байыркы шумерлерде колдонулганы тууралуу тарыхый булактарда жазылып калган. Түрк калктарында да байыртадан бери эле добулбас колдонулуп келген. Байыркы кытай булактарынан алынган маалымыттарга караганда түрк калктары арасында добулбас маанилүү музыкалык аспаптардын катарына кирген жана абдан бааланган. Байыркы Азияда аварлар жана гунндар добулбасты согуш учурунда душманына сес көрсөтүш үчүн жана оюн-зооктордо колдонушкандыгы белгилүү. Гунндарга келин болуп келген кытайлык келин, өлкөсүнө:
Токтотпостон түнү бою добулбасты кагышат,
Күн чыкканча чарчабастан тегеренип чыгышат,- деген кат жазган.
Түрктөрдүн добулбас колдонгону тууралуу дагы бир башка тарыхый булакта, Византиядан чыгып Азияга келген саякатчыларды тосуп чыккан отко сыйынгандар көктүркчө ыр ырдашып, дабулбас кагышканы тууралуу жазылган. Тарыхый булактарда жолуктурганыбыздай байыркы түрк элинин дини болгон шаманизмдин диний аземдеринде добулбас маанилүү болгон. Шамандар добулбасты коргоочу рухту жөнөткөнүнө ишенишкен. Добулбас жасала турган дарак эл жашаган жерден узакта адамдар жана жаныбарлар тийбеген таза жана бышык дарак болуусу зарыл. Добулбас даярдалып бүткөндөн кийин арча түтөтүлөт, рухтарга шарап чачылат. Өзгөчө шамандардын жаман рухтарды кубалаш үчүн добулбасты колдонгону белгилүү. Шаман өлгөндөн кийин добулбас талкаланып, бир бакка илинген. Шамандын сөөгү болсо ошол бактын алдына көмүлгөн. Учурда якут шамандары добулбас кагуу үрп-адатын улантып келет. Бардык түрк улуттарында мурунку мезгилде диний аземдерде жана согуштарда кагылган добулбаска ар түрдүү сүрөттөр түшүрүлүп колдонулган.
Эми ушул добулбасты жасоо ыкмасы жөнүндө кеп кылсак, добулбас оңой жасалган музыкалык аспап болуп эсептелет. Анын негизги ички бөлүгү цилиндр түрүндөгү арча, кайың, кедр, күргөн жана жаңгак жыгачынан же металдан жасалат. Токмок менен кагылат. Сыртын каптаган тери үчүн негизинен жакшы ийленген эчки же уй териси колдонулган, аз да болсо жылкы, төө терисин колдонгон учурлар да кездешет. Тери калың кездемеден жасалган кендир жип менен керилет жана мык кагылбастан жасалат. Металдан жасалган буюмдар менен кооздолгон добулбастын көрүнүшү тегерек же жумуртка шекилдүү болот. Бул Добулбастын чоңу “каба”, ал эми кичинеси “жура” добулбас деп аталат. Кыргыз элинде көлөмү жана жасалышы жагынан добул жана доол деп экиге бөлүнгөн. Айрыкча добулбас сурнай менен бирге колдонулат.
Учурда ар улутта ар түрдүү ат менен колдонулган добулбастын байыркы замандан бери кеңири колдонулуп келгендиги белгилүү. Ар бир өлкөнүн добулбастарынын өзгөчөлүктөрү болгондуктан анын кайсы өлкөдөн кайсы өлкөгө өткөнүн изилдөө оңой. Мисалга алсак, Азияда байыркы Кытайда ичине буудай толтурулган тарсылдаган добулбасынан баштап Япониядагы кичинекей кум саатына окшош добулбастарга чейин өлчөмдөгү түрлөрү бар. Индияда добулбас кагуу үрп-адаты абдан өнүккөн. Жаңы Европага цилиндр шекилдүү добулбастар борбордук чыгыштан келген. Кичирээк добулбастар болсо Испания менен палестиналык араптардан келгени белгилүү. Грек - римдиктер үчүн добулбас белгисиз болуп, Европага добулбас түрктөрдөн барган деп айтууга болот. Тарыхый булактарда айтылгандай мурун улуттук музыкалык аспап катары колдонулса, 14 - кылымдан баштап аскерлердин негизги музыкалык аспабы болуп колдонула баштаган. Чоң же болбосо бас добулбастары түрк элинин улуттук музыкалык аспабы болгон жана алгачкы мезгилдерде “түрк добулбасы” деп аталган. Европага Осмон дөөлөтүнүн армиясы аркылуу барып, 18 -кылымда тааныла баштаган.
Анатолияга болсо огуздар менен келгени айтылат. Эвлия Челебинин баяндаганына караганда Анатолияга добулбасты кактырган Орхан Гази болгон. Бирок, андан мурун эле Осман Гази колдондурганы айтылат. Осмон дөөлөтүнөн мурун эле Селжук доорунда согуштарда жана сарай оркестрында колдонулгандыгы тарыхый булактарда жазылган.
Добулбасты түрк эли мусулманчылыкты кабыл алгандан кийин да “ыйык” деп эсептешкен. Белгилүү адамдар өлгөндө алардын мүрзөсүнүн жанына добулбас илинген. Буга мисал катары Орхан Газинин Бурсадагы мүрзөсүндө кылымдар бою добулбас илинип тургандыгын көрсөтүүгө болот.
Добулбас согуштарда колдонулганы үчүн кылымдар бою унутулбай келген. Түрк элинин тарыхында “добулбас” дайыма коштоп жүргөн. Айтып өткөнүбүздөй, көбүнчө согушта колдонулганы үчүн тарыхый булактарда көп жолуктурабыз. Муну менен бирге мурунку мезгилде жарыя айтаарда да добулбас кагылган. Добулбастын дагы бир колдонулуш максаты калк отурукташа баштаган заманда талааларды коргоодо колдонулган. Байыркы убакта жан - жаныбарды эгин талаадан кубалаш үчүн колдонуу, азыр да Анадолуда сакталып калган. Эвлия Челеби да добулбастын чымын-чиркей айдоо максатында сакчылардын түн ичинде колдонушкандыгы жөнүндө баяндайт.
Түрк маданиятында добулбас маанилүү болгонун адабияттан, тарыхый булактардан, фольклордон деги эле күндөлүк жашообузда тойлордо, оюн-зооктордо колдонулганынан көрдүк. Мындан тышкары түрк эли добулбаска окшош нерселерге да “давул” атын бергенин айта кетүү зарыл. Эски түрк тилинде да шамал жана бороон деген мааниге келген давул сөзүнүн да добулбас менен байланышы бар экени байкалып турат.
Программаны обого даярдагандар – Назгул Кадырова жана Элдар Орозалиев.

Адабияттар:
1. Г. Жумакунова, Түркчө – кыргызча сөздүк, Бишкек, 2005, 179-б.
2. Mahmut R. Gazimihal, Türk Vurgulu Çalmaları (Türk Depki Çalgıları), Ankara, 1975.
3. «Davul», Türk Ansiklopedisi, c. V, Milli Eğitim Basımevi, Ankara, 1952.
4. «Davul», Türkiye Diyanet Vakfı Ansiklopedisi, C. 9, İstanbul, 1994.
5. Büyük Lügat ve Ansiklopedi, c. 3, Meydan Yay., İstanbul, 1976.
6. F. Yeşim Altınay, Türk Müziği Çalgıları, İstanbul, 2010.
7. Henry George Farmer, (Çev. Dr. M. İlhami Gökçen), On Yedinci Yüzyılda Türk Çalgıları, Ankara, 1999.
8. «“Манас” эпосундагы музыкалык аспаптар жана согуштук курал-жарактар», http://manasordo.com/news/30, маалымат алынган дата: 02.08.2014.
9. «Добулбас»,http://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%94%D0%BE%D0%B1%D1%83%D0%BB%D0%B1%D0%B0%D1%81,маалымат алынган дата: 02.08. 2014.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар