Илим жана маданият көпүрөлөрү - 17

Алишер Навои

112025
Илим жана маданият көпүрөлөрү - 17

Калем, сен биздин ой чабытсың, күлүксүң,
Кыйыры жок бүт ааламды ашып түштүң.

Жеңил желпи таскагың, басыгыңдан тайбайсың,
Ат үстүндө чабандестей ушул менин бармагым.

Аңбы – дөңбү карабастан, түп – түз арыш кересиң,
Байрак өңдүү желбирейсиң, аттай болуп желесиң.

Жок! Ат эмес, керемет куш ажайып,
Канатың жок, учасың канат жайып.

Бул ыр саптары түрк тектүү калктардын сыймыгы болгон, 15-кылымда
жашап өткөн жана улуу акын даанышман жана мамлекеттик ишмер Алишер Навоиге
таандык. Алишер Навоинин чыгармалары 500 жылдан кийин да өз актуалдуулугун
жоготпой, дүйнөнүн бир катар тилдерине которулуп басылууда, аны сүйүп
окугандардын ааламы да кеңейүүдө. Анткени анын чыгармалары Данте, Фирдоуси,
Низами, Руставели, Саади, Жаами, Пушкин сыяктуу залкар акындардын
классикалык чыгармаларынын катарында турат.

Алишер Навои, 1441 – жылы 18 – февралда Герат шаарында туулган. Кээ бир булактарда анын туулган күнү катары 9 – февраль көрсөтүлгөн. Атасы Гыйаседдин
Кичкина Хоросанга жакын жайгашкан Сабзавор шаарынын башкаруучусу
Абылкасым Бабурдун сарайында кызмат кылган. Айрыкча, Алишердин апасы сарайдагы султандарга сүт энелик кылып, балдарды багышканга жардам берген. Бул жагдай Алишердин сарайда султандар менен бирге чоңоюшуна шарт түзгөн. Сарайда
балдар жаш кезинен фарс тилин үйрөнүшүп, фарсча чыгармаларды окуп
тарбияланышкан. Алишер да алар менен кошо өтө жаш кезинде фарсча окуп
жазганды үйрөнгөн.
Алишердин окууга болгон дилгирлиги жана сезимталдыгы өтө жаш кезинде
байкалган. Өзү теңдүүлөрдөн алда канча алдыга озуп чыккан Алишер, 4 – 5
жаштарында улуу акындардын терең маанилүү фарсча ырларын жатка айта
баштаган. Ал өзүнө жаккан ыр саптарды кээде бүтүндөй бир
чыгарманы жаттап алчу. Анын бул өзгөчөлүгү, келечекте улуу аалым
болоорунан кабар берген. 6 жашында, келечектеги падыша Хүсейин Байкара менен
чогуу таалим алган.
1449 – жылы так талашуудан улам чыккан Тимурдун балдарынын арасындагы чыр –
чатактан үй – бүлөсү менен Иракка көчүп кетишкендиктен, окуусу токтоп калган.
Көп өтпөй, 1450 – жылы Хоросанда тынчтык орноп, бийликке Абулкасым Бабур
султан келгенде, Алишер Новаинин үй – бүлөсү Ирактан ата мекенине карай жолго
чыгышкан. 1452 – жылы ал Хүсейин Байкара менен кайрадан чогуу таалим ала
баштайт жана алар өлгөнгө чейин бири – биринен айрылгыс достордон болушкан.
Алишер Навои канчалык адабиятты жакшы көргөнү менен башка сабактарды да
мыкты өздөштүргөн. Анын көп кырдуу талант экендигин ушундан билсек
болот. Музыка, тарых, философия, математика, астрономия сабактарын
да жакшы өздөштүргөн. Ошол учурдагы эң мыкты музыканттардан Юсуф
Бурхан кожодон музыка боюнча таалим алган. Ал Юсуф Бурхан сыяктуу
ошол мезгилдеги атактуу сүрөтчүлөр, акындар, музыканттар, илимпоздор менен
жакын мамиле түзүп, өзүнүн билими менен аларды дайыма таң калтырган.
Алишер башка илим тармактарында канчалык ийгиликтүү болбосун, адабиятка
башкача көз караш менен карачу. Акындардын ырларын кайра – кайр окуп жаттап,
кайра элге айтып берип, маанисин терең түшүнгөнгө аракет кылган. Убакыт өткөн
сайын адабиятка болгон кызыгуусу да арткан. Бир жолкусунда
төмөнкүчө окуя болот. Атактуу перс акыны Феридуддин Аттаринин “Куштардын
тили” аттуу чыгармасын окугандан кийин оюн – зооктон
алыстап, чыгарманын таасиринде жашап калат. Аны байкап калган ата – энеси ал
китепти окууга тыюу салышат. Китептен айрылган Алишер, аны мурун эле көчүрүп
жазып алган дептеринен окуй баштайт. Анын бул жоругун билип калган ата – энеси
ал дептерин да өрттөп жиберишет. Ошондо ал чыгарманы баштан аяк жаттап
алгандыктан жатка окуй баштайт. Ал учур жөнүндө акын
Баардыгын көп кайталап окуптурмун,
Көпчүлүгүн акылга тутуптурмун,
Одалар, эки саптык ырлардан мен,
Ылгапмын, жакшыларын тандаптырмын,
Толкундай ташып турган жаш кезимде,
Элүү миңге жакын ыр сап жаттаптырмын. – деп айткан.
1469 – жылга чейин ар түрдүү кызматтарды аркалаган Алишер, досу Хүсейин
Байкара Хоросанда такка отурганда ордого келет. Аны жанынан чыгаргысы
келбеген Хүсейин Байкара ордого катчы кылып дайындап алат. Ошондон тартып
Байкаранын эң ишенимдүү мамлекеттик кызматкери катары өмүрүнүн аягына чейин
кызмат кылат. Калк арасындагы абал менен тыгыз байланышта болгондуктан ар
түрдүү маселелерди мамлекеттик жыйындарда коркпостон ортого салган. Адилеттүүлүгү жана калыстыгы менен элдин алкоосуна татыган. Бир топ мечит, медресе, көпүрө
жана ооруканаларды салдырган, калктан жок жерге салык жыйнаган өкүлдөргө
каршы чыгып, калктын сөзүн сүйлөгөн. 1498 – жылы Байкарадан уруксат алып,
мамлекеттик кызматтан кетет. Ошол жылы ажыга баруу үчүн Байкарадан уруксат
сурайт бирок жолдогу коопсуздуктан чочулаган Байкара уруксат берген эмес. Акын,
так эмес маалыматтарга караганда 1501 – жылдын 12 – январында дүйнөдөн кайткан.
Алишер Новаи көптөгөн чыгармаларды жазып калтырган. Көпчүлүк
акындардай эле ал дагы парс акындарынын чыгармаларын окуп, ошолордон
таасирленгени менен чыгармаларынын көп бөлүгүн түрк тектүү элдердин орток
жазуу тили болгон Чагатай түркчөсү менен жазган.
Анын чыгармалары Чагатай түркчөсүнүн адабий тил болуп калыптануусун шарттаган. Навоинин чыгармаларынан кийин акындар ошол учурда басымдуулук кылган парсчадан кайтып, түрк тилинде ырлар жаза башташкан. Айрым адабият таануучулардын пикири боюнча Алишер Навои түрк тилинин башка тилдерден кем калбаган, башка тилдер менен тең тайлаша турган тил экендигин далилдөөгө аракет кылып өткөн. Орто Азиядагы түрк тектүү калктардын адабий тилин калыптандырган улуу аалым, мамлекеттик ишмер жана акын Алишер Навоиге арналган бүгүнкү программабыз ушуну менен соңуна чыкты.
Программаны даярдагандар - Назгүл Кадырова жана Элдар Орозалиев
Колдонулган адабияттар
1. Эшиев, А.М., 2008, Орто кылымдын орток түрк жана жана иран – тажик поэзиясындагы интеграциялык процесстер, гумандуулук идеялары, Бишкек
2. Сулайманов, Х. С., (составитель и редактор тома), 1968, Алишер Навои, сокравищница мыслей, т. 1., Ташкент
3. Алишир Невоий, 1942, СССР Фанлар Академиясы, Өзбекистан филиалы, Тил, адабият жана тарых институту, Ташкент
4. ERASLAN, K., 1986, Çağatay Şiiri, Türk Dili dergisi, Türk Şiiri Özel Sayısı (Divan Şiiri), S. 415 -416 – 417, Ankara


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар