Мельбрунда түрк базар фестивалы
Мельбрун фестивалы календарында орун алган Queen Victoria түрк базары фестивалы 11 - мартта аяктайт
Австриянын Мельбурн шаарында бул жылы 11 - өткөрүлгөн салттык Queen Victoria түрк базар фестивалы түрдүү - түстүү көрүнүштөр менен башталды. Түрк базар фестивалында түрк кол өнөрлөрү, маданияты, музыкасы жана ашканасынан үлгүлөр көрсөтүлүүдө.
Мореланд түрк коому тарабынан уюштурулган фестивалдын биринчи күнүнө австралиялык түрктөр менен бирге башка этникалык тектерден австралиялыктар да кызыгуу көрсөтүп, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын өнөрпоздор Анадолу жана Кипр ырларын аткарышты.
Фестивалды уюштурган түрк коомунун төрагасы Жемал Акдениз түрк локумунан гөзлеме, айрандан дөнерге, катлеттен түрк кофесине чейин кенен гастрономия даамдарын тартуулашкандарын, өзгөчө түрк туризмине карата таанытуу жана сатуу иштерин да жүргүзүшкөндөрүн айтты.
Биринчиси 1997 - жылы өткөрүлгөндөн кийин келген талап боюнча эки күнгө чыгартылган жана Мельбрун фестивалы календарында орун алган Queen Victoria түрк базары фестивалы 11 - мартта аяктайт.