Worldef Стамбул үчүн саналуу күндөр калды

Стамбулда 6-7-8-июнь күндөрү өткөрүлө турган иш-чарага 40 өлкөдөн 20 миңден ашуун кишинин келиши күтүлүүдө.

2143781
Worldef Стамбул үчүн саналуу күндөр калды

Дүйнөлүк электрондук соода платформасы WORLDEF тарабынан уюштурулган электрондук соода жарманкеси WORLDEF Стамбул 2024, Түркия менен глобалдык чекене электрондук соода экосистемасынын маанилүү ысымдарын жолугуштурат.

Иш-чарага Түркиядагы жана дүйнөлүк электрондук соода экосистемасындагы таанымал ысымдар да катышат. Стамбулда 6-7-8-июнь күндөрү өткөрүлө турган иш-чарага 40 өлкөдөн 20 миңден ашуун кишинин келиши күтүлүүдө.

Стамбулдагы глобалдык электрондук соода жарманкеси жылдын эң чоң электрондук соода иш- чарасы болот.

Жарманкенин катышуучуларына жана конокторуна 3 күн бою электрондук коммерцияга багытталган тажрыйбалар көрсөтүлөт.

9200 чарчы метр аянтка курула турган стенддерде 450дөн ашык чекене соода бренддери, өндүрүүчүлөр, камсыздоочулар электрондук коммерцияга багытталган өнүмдөрүн жана кызматтарын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Amazon жана Etsy сыяктуу дүйнөлүк рынокторго экспорт кылган 1500дөн ашуун сатуучулар да катыша турган электрондук соода жарманкесине, кызмат көрсөтүүчүлөр, электрондук коммерция инвесторлору жана ишкерлер да катышат.



Тектеш кабарлар