Scorpions Стамбулда күйөрмандары менен жолугушту
Көпчүлүктүн талабы боюнча Стамбулда экинчи концертин жарыялаган топ эртең кечинде ушул эле сахнада дагы бир жолу концерт берет.
![Scorpions Стамбулда күйөрмандары менен жолугушту](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/fa0d/f45a/29b4/665042a4f27ff.jpg?time=1718958154)
Дүйнөгө таанымал рок-тобу Scorpions "Love at First Sting" альбомунун 40 жылдыгына карата уюштурган гастролунун алкагында Стамбулда сахнага чыкты.
КүчүкЧифтлик паркындагы концертте күйөрмандары менен «Рахмат, кандайсыздар? деп саламдашкан топтун солисти Клаус Майне: «Ушунча жылдан кийин Стамбулда сиздер менен жолукканыбызга абдан кубанычтабыз. Бүгүн кечинде легендарлуу Love at First Sting альбомубуздун 40 жылдыгын чогуу белгилейбиз»,-деди.
Топтун классикалык "Send me An Angel" жана "Wind of Change" ырларын бардык көрүүчүлөр коштоп турушту.
Scorpions 12 миңдей көрүүчүнүн дүркүрөгөн кол чабуулары менен коштолгон концертти "Still Loving You" жана "Rock You Like A Hurricane" ырлары менен аяктады.
Көпчүлүктүн талабы боюнча Стамбулда экинчи концертин жарыялаган топ эртең кечинде ушул эле сахнада дагы бир жолу концерт берет.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718958154)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.