Россияда Эгей ашканасы таанытылды

Дүйнөнүн төрт тарабында  21 – 27 -  майда белгиленген түрк ашканасы жумалыгынын негизинде Түркиянын Москва элчилиги бир программа уюштурулду.

2144114
Россияда Эгей  ашканасы таанытылды

 Россияда түрк ашканасы жумалыгынын алкагында Эгей ашканасынан даамдар таанытылды.

Дүйнөнүн төрт тарабында  21 – 27 -  майда белгиленген түрк ашканасы жумалыгынын негизинде Түркиянын Москва элчилиги бир программа уюштурулду.

Программа Түркиянын Москва элчиси Танжу Билгич дипломатиялык миссия жана медиа өкүлдөрү менен чакырылган коноктор катышты.

Программанын жүрүшүндө конокторго Эгей ашканасынын өзгөчө даамдары, үйдө жасалган лимонад жана түрк кофеси тартууланды.

Элчи Билгич Россияда көптөгөн түрк ресторандарынын бар экенин жана орустардын түрк тамактарын жакшы билгенин айтып : «Түрк ашканасы абдан ар түрдүү жана Түркиянын ар кайсы жеринде түрдүү ингредиенттер, түрдүү бышыруу ыкмалары, түрдүү тамактар, балык жана жашылча тамактарын таба аласыз»,- деди.

Глобалдашуу доорунда ар башка маданияттар тууралуу интернеттен көп маалымат алууга болоорун түшүндүргөн Билгич: «Бирок тамактардын даамын тата албайсыз.  Ошондуктан тамактын даамын татуу үчүн же саякаттоо керек, же ашпозчунун бул жерге келип, сизге тамак даярдашы керек. Биз да бүгүн муну жасап жатабыз»,- деди.  



Тектеш кабарлар