Түркиянын сыймыгы Нехир Өззенгин
12 жаштагы Нехир Өззенгин Италиянын Наполи шаарында өткөрүлгөн «Эл аралык Ischia фортепиано» конкурсунда дүйнө экинчиси болду.
![Түркиянын сыймыгы Нехир Өззенгин](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/e97e/0311/868c/597f2a7177700.jpg?time=1719182339)
Музыкага болгон жөндөмдүүлүгү 4, 5 жашында белгилүү болгон 12 жаштагы Нехир Өззенгин Италиянын Наполи шаарында өткөрүлгөн «Эл аралык Ischia фортепиано» конкурсунда дүйнө экинчиси болду.
Өззенгин андан мурда «Моцарт эл аралык фортепиано академиясынын» конкурсунда экинчилик жана үчүнчүлүк, Бельгияда өткөрүлгөн «Эл аралык Cesar Frank фортепиано» конкурсунда экинчиликти алган.
Нехир Өззенгин акыркы болуп 26 өлкөдөн 80 катышуучу катышкан «Эл аралык Ischia фортепиано» конкурсунда дүйнө экинчилигин алды. «Алдыда бүткүл дүйнөнү кыдырып концерт берип, музыкамды жана өлкөмдү баарына таанытууну кыялданам»,- деген Өззенгин күн сайын эң аз 2 саат фортепиано ойногондугун белгиледи. Фортепиано менен бирге гитара, барабан сыяктуу ар башка музыкалык аспаптарда абдан жакшы ойногон Өззенгин баскетбол жана теннис менен да алектенет.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719182339)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.