Немрут тоосу чет элдик туристтердин көӊүл чордонунда

Немрут тоосу ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген

723608
Немрут тоосу чет элдик туристтердин көӊүл чордонунда

Адыяманда аба-ырайынын ысышы менен Немрут тоосу чет элдик туристтердин көӊүл чордонунда болду.

Дүйнө жүзүндө күндүн чыгышы менен батышы эң сонун көрүнгөн жер катары билинген Немрут тоосуна баргандардын саны көбөйдү.

БУУнун ЮНЕСКО уюму тарабынан Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген, Адыямандын Кахта районунун чек араларындагы Немрут тоосу Камах королдугуна таандык 50 метр бийиктиктеги, 150 метр кеңдиктеги дөбөлөрү менен көптөгөн ири эмгектерди камтууда.

Шанлыурфанын Аймактык жол көрсөтүүчүлөр бирикмесинин төрага орун басары Абдулбаки Каракечили: «Буга чейин Немрутка көбүнчө Япония, Кытай жаны Европанын ар кайсы өлкөлөрүнөн туристтик топтор келээр эле, бирок быйыл Израилден туристтердин келгенин көрдүк. Бул болсо аймагыбыздагы тынчтык, ишеним жана ырааттуулук жагынан өтө маанилүү»,-деди.



Тектеш кабарлар