ТРТнын сериалдарына чет элдиктер кызыгууда

Измирдин Чешме районунда өткөрүлгөн ТРТны көрүү күндөрүндө ТРТнын чыгарылыштары чет элдик медиа тармагынын өкүлдөрүнө таанытылууда.

721170
ТРТнын сериалдарына чет элдиктер кызыгууда

ТРТнын жактырылган сериялдарына чет өлкөдө кызыгуу барган сайын өсүүдө.

Измирдин Чешме районунда өткөрүлгөн ТРТны көрүү күндөрүндө ТРТнын чыгарылыштары чет элдик медиа тармагынын өкүлдөрүнө таанытылууда.

ТРТнын башкы директору Шенол Гөка, иш-чаранын ачылышында Түркиянын сериал тармагындагы ийгилигин дагы да илгерилете турганын айтты.

Өткөн жылкы таанытууга 25 өлкөдөн катышуу камсыздалганын, мунун алгач ирет жасалган таанытуу болгонуна карабастан чоң кызыгууну тапканын белгилеген Гөка: «Быйыл катышуу дагы бир аз артты. 39 өлкөдөн бул тармактын өкүлдөрү, телекөрсөтүүлөрдүн башкаруучулары менен агенттик жана платформалардын тийиштүү башкаруучулары бүгүн арабызда. Жыл өткөн сайын, барган сайын бул саамалык кеңейет деп ойлойм жана жакшы бир жарманкеге, көргөзмөгө, соодалашууга айлана турган коомчулук болот»,-деди.

Түркиянын өзгөчө сериал тармагындагы ийгилиги менен дүйнөдө жакшы орунга ээ болгонун баса белгилеген Гөка, жасалган таанытуулар менен сериал тармагында дагы жакшы жерге жете турганын айтты.



Тектеш кабарлар