Ванда дүйнөнүн эң көп киши катышкан таңкы тамак дастаркону жайыл

Гиннесс рекорддоруна 51 миң 793 киши менен Ван кирген болду.

79431
Ванда дүйнөнүн эң көп киши катышкан таңкы тамак дастаркону жайыл


«Дүйнөнүн эң көп киши катышкан таңкы тамак дастаркону» боюнча Гиннесс рекорддоруна 51 миң 793 киши менен Ван кирген болду.
Вандын соода жана өнөр жай палатасынын жол башчылыгында Ван губернаторлугу, Ван мэриясы менен көп сандаган мекеме, уюм жана жарандык коомдук уюмдар колдогон иш-чара Ататүрк маданият паркында өткөрүлдү.
Таңкы саат 7:00ден башталган иш-чаранын алкагында каттоочу жерлерден өтө баштаган кишилер, бир дасторкондо олтуруунун бакытын жашады. Ар түркүн музыка топтору сахнага чыккан жана элдик бийлер бийленген иш-чарада, миңдеген киши саат 9:00да каттоолордун токтотулушу жана Гиннесс рекорддор боюнча Түркиядагы өкүл Шейдан Субашы Гемижинин старт бериши менен таңкы тамагын жей башташты.
Гиннесс рекорддор боюнча Түркия өкүлү жана катталган калысы Гемижи 2001-жылдан бери бул рекорд ашыла электигин белгилеп: «Бул рекорд 18 миң 941 киши менен Америкага таандык болчу. Ван 51 миң 793 киши менен рекордго жетишти»,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар