Түрк коргоо өнөр жайы Румыниядагы жарманкеде
22-24-май күндөрүнүн аралыгында үч күн улана турган 9-BSDA 2024 жарманкесине Европанын бардык тарабынан, өзгөчө Кара деңизден расмий делегациялар катышууда.
![Түрк коргоо өнөр жайы Румыниядагы жарманкеде](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3f6a/ed61/5b27/664df64f75cd5.jpg?time=1718805419)
Түрк коргоо өнөр жайынын фирмалары Румынияда өтүп жаткан Эл аралык Кара деңиз коргонуу, авиация жана коопсуздук (BSDA 2024) жарманкесинде.
22-24-май күндөрүнүн аралыгында үч күн улана турган 9-BSDA 2024 жарманкесине Европанын бардык тарабынан, өзгөчө Кара деңизден расмий делегациялар катышууда.
Жарманке коргоо өнөр жайы үчүн тармактык, өнөктөштүк, маалымат алмашуу, коргонуунун бардык тармактарында инновацияларды жана мүмкүнчүлүктөрдү ачуу үчүн маанилүү платформа болуп саналат. Ошондой эле кургактык, деңиз, абадан коргонуу, чек ара коопсуздугу, космостук жана кибер коопсуздук секторлорундагы эң акыркы технологияларды камтыйт.
Быйыл 9-жолу уюштурулган жарманкеге Түркиядан Аселсан, Рокетсан, Нурол Макина, Отокар жана Карел фирмалары катышууда.
Жарманкеде түрк коргоо өнөр жайы ишканалары чыгарган ар түрдүү платформа жана системалар катышуучуларга сунушталып, кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү бааланат.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718805419)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
![Бодрумда суу астындагы парк ачылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/fd4a/b595/ae6d/6669ac2dabb12.jpg?time=1718805419)
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.