Бодрумда суу астындагы парк ачылды

BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.

2152204
Бодрумда суу астындагы парк ачылды

Мугланын Бодрум районунда Blue Exile Art Project (BEAP) суу астындагы парк азем менен ачылды.

BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.

Бодрум деңиз музейинин директору Селен Жамбазоглу да 6 сүрөтчүнүн суу астындагы эмгектери бар экенин белгилеп: «Аймакта дайвинг, кеме саякаттары жана жеке кемелер менен келип сууга чумкуса болот», - деди.

Сөз сүйлөөлөрдөн кийин парктын ачылыш лентасы суу астында кесилди. Ачылыш суу астындагы камера жана дрон менен да тартылды. Катышуучулар сүзүп көргөзмөнү карап чыгышса, суучулдар да аймакта сууга чумкушту.



Тектеш кабарлар