12 Punto 2024 сыйлыгына ээ болгон долбоорлор жарыяланды

Түркияда кино тармагынын алгачкы жана жалгыз долбоору болгон 12 Пунтодо кыска метраждуу тасма категориясында сыйлык алган долбоорлор «www.trt12punto.com» сайтында жарыяланды.

2152240
12 Punto 2024 сыйлыгына ээ болгон долбоорлор жарыяланды

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси (TRT) тарабынан быйыл 6-ирет уюштурулган сценарийди иштеп чыгуу жана биргелешкен чыгарылыш платформасы «12 Punto 2024тө» «ТРТнын кыска метраждуу кино тартуу сыйлыгына» ээ болгон 6 долбоор белгилүү болду.

ТРТнын билдирүүсүнө караганда, Түркияда кино тармагынын алгачкы жана жалгыз долбоору болгон 12 Пунтодо кыска метраждуу тасма категориясында сыйлык алган долбоорлор «www.trt12punto.com» сайтында жарыяланды.

Эсранур Гүлердин "Асфальттын тескери жагы", Жафер Озан Түркылмаздын "Кино музыкантынын трагедиялуу күнү", Иззет Арсландын "Кофе ичүү аземи", Хусейин Күпелинин "Эсте", Эрен Угурдун "⁠Эки миң 2" жана Ахмет Дувардын «Кара жазуу» долбоорлору сыйлыкка татыктуу деп табылды.

Быйыл кыска метраждуу тасма долбоорлоруна 300дөн ашык арыздар тапшырылган платформада, техникалык көзөмөлдүн натыйжасында 200гө жакын сценарий бааланды.

Бешинчи жолу бериле турган «ТРТнын кыска метраждуу тасма тартуу сыйлыгын» жеңип алган 6 долбоордун ээлери 7-14-июль аралыгында боло турган иш-чарада адис сценарий кеңешчилери менен долбоорлорун иштеп чыгышат.



Тектеш кабарлар