Түрк флоту тарыхый бир милдетти аткарууда

Деңиз күчтөрү командирлигине караштуу «Барбарос» түрк деңиз кызмат тобу, бул тарыхый милдетти экинчи жолу аткарды.

69397
Түрк флоту тарыхый бир милдетти аткарууда

Үмүт тумшугунан өткөн кемелер, Түштүк Африка сууларында түрк желегин желбиретип жатышат.
148 жыл мурда Осмон флоту 2 корвет кемеси менен Үмүт тумшугунан өткөн.
Деңиз күчтөрү командирлигине караштуу «Барбарос» түрк деңиз кызмат тобу, бул тарыхый милдетти экинчи жолу аткарды.
Топтун командири адмирал Али Мурат Деде флотту өкүлдүк кылганынын сыймыгын сөз кылды.
«Барбарос» түрк деңиз тобу Үмүт тумшугунда эстелик фотосүрөтүнө түшкөн соң Мозамбикти көздөй бет алды.
Түрк аскерлери 102 күндүк сапары убагында 27 Африка өлкөсүнүн портторуна барып, билим берет.
Барбарос тобу 27-июнда кызматын баштаган Гөлжүк флот командирлигине кайтат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар