Хулуси Акардын Орто Азияга жасаган иш сапары

Евразия күндеми-45

1522891
Хулуси Акардын Орто Азияга жасаган иш сапары

Ардактуу окурмандар!  «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түркия Республикасынын Коргоо министринин Орто Азия Республикаларына жасаган иш сапары тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 25-28-октябрь күндөрү Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Пакистан, Казакстан жана ϴзбекстанда иш сапары менен болду. Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри 26-октябрда Пакистандан Казахстанга келди. Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев Хулуси Акарды салтанаттуу түрдө тосуп алды. Нур-Султан шаарында Хулуси Акар Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, ϴнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбут Атакулов, Улуттук гвардиянын башкы командачысы Руслан Жаксылыков менен жолугушту. Бул жолугушууларда эки тараптуу жана регионалдык маселелер талкууланды. Эскерте кетчү жагдай, Түркия Казакстан менен 2018-жылы аскердик кызматташтык келишимине кол койгон. Эки мамлекет ортосундагы коргонуу тармагындагы кызматташтык 1990-жылдардын башынан бери уланууда.

27-октябрь күнү Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар ϴзбекстанга барды. Ташкент шаарында Акарды кесиптеши Бахадыр Курбанов салтанаттуу азем менен тосуп алды. Эки министр тар форматта жана делегация өкүлдөрүнүн катышуусу менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун аягында Түркия жана ϴзбекстан коргоо министрликтеринин ортосунда “Аскердик каржылык кызматташуу келишимине” жана “Акчалай жардам көрсөтүү протоколуна” кол коюлду. Хулуси Акар ϴзбекстан Коопсуздук кеңешинин жооптуу катчысы Виктор Махмудов менен да жолугушту. Иш сапарынын аягында ϴзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Хулуси Акарды кабыл алды.

Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Тоолуу Карабахта кагылышуулар уланып жаткан учурда бул иш сапарын жасаганы бир канча себептен улам маанилүү болуп саналат.

Өткөн жылы ϴзбекстандын Коргоо министри Курбанов Казакстандын Коргоо министри Ермекбаев менен болгон жолугушуусунда ϴзбекстан менен Казахстандын абадан коргонуусун Түркия менен кызматташуу аркылуу камсыз кылууну сунуштаган. Орто Азия мамлекеттери Түркия өндүрүп жаткан зениттик-ракеталык комплекстерди, учкучсуз учуучу аппараттарды жана куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарды алуусу зарыл.

Аскердик тармактагы тажрыйбасы, мүмкүнчүлүктөрү  жана технологиясы боюнча Түркиянын Орто Азиядагы боордоштору менен бөлүшө турган нерсеси көп. Аскердик билим берүү, жалпы жана купуя маалыматтарды бөлүшүү, коргонуу өнөр жайы тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, заманбап курал-жарактарга ээ болуу, кибер коопсуздук сыяктуу тармактарда кызматташтык аябай маанилүү болуп саналат. Ошондуктан бул тармактагы жакын кызматташтыктын улантылышы бардык тараптар үчүн пайдалуу десек жаңылышпайбыз.

Өткөн жылдын 22-27-апрелинде ϴзбекстанда түркиялык жана пакистандык жоокерлердин катышуусу менен “Орток калкан-2019” аттуу аскердик машыгуулар өткөрүлгөн. Бул аскердик машыгуулардын улантыла тургандыгы айтылган. Ушундан улам Хулуси Акардын өз иш сапарын Пакистандан баштаганы маанилүү болуп саналат.

Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттерге иш сапарын жасаганы, Түркиянын көп кырдуу тышкы саясатына да төп келет.

Түркиянын Орто Азия мамлекеттери менен аскердик-техникалык кызматташтыгы жакшы деңгээлде болуп саналат. Бул кызматташтыкты стратегиялык деңгээлге чыгара турган мезгил келип жетти. Түркия Жакынкы Чыгыш, Африка жана Кавказ аймактарындагы өлкөлөр менен кызматташтыгын жогорку деңгээлге чыгаргандан кийин Орто Азия мамлекеттери менен дагы коргонуу тармагында кызматташтыкты жаңы бир баскычка чыгарууну көздөп жатат. Бул абал Түркиянын региондогу аброюн арттырып, союздаштары менен мамилесин өнүктүрүп, боордошторуна кол кабыш кылышына шарт түзө тургандыгы менен маанилүү болуп саналат.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар