Түрк дүйнөсүнүн уюмдарынын ортосундагы координациялык иштер

Евразия күндеми-40

1501193
Түрк дүйнөсүнүн уюмдарынын ортосундагы координациялык иштер

Ардактуу окурмандар! Азыр сиздер “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түрк дүйнөсү мамлекеттеринин кызматташтык уюмдарынын координациялык комитетинин жыйыны тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрында Түрк Кеңешинин жооптуу катчысы Багдад Амреев модераторлугунда Түрк дүйнөсү мамлекеттеринин кызматташтык уюмдарынын координациялык комитетинин видеоконференция жыйыны болуп өттү. Жыйынга Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын жооптуу катчысы Алтынбек Мамаюсупов, Эл аралык Түрк маданияты уюмунун жооптуу катчысы Дусен Касеинов, Эл аралык Түрк академиясынын төрагасы Дархан Кыдырали жана Түрк маданияты жана мурасы фондунун төрайымы Гүнай Эфендиева катышышты.

Аталган координациялык комитет 2019-жылдын 15-октябрында Бакуда өткөрүлгөн 7-Түрк Кеңеши саммитинде кабыл алынган чечимдин негизинде уюштурулган. Түрк Кеңешинин карамагында түзүлгөн бул комитет Түрк мамлекеттеринин ортосунда жасалып жаткан иштерде орунсуз кайталоого жол бербөө, координациялык иштерди жакшыртуу, Түрк Кеңеши, ТүркПА, Түрк Академиясы, ТҮРКСОЙ, Түрк маданияты жана мурасы фонду сымал уюмдардын ортосунда кызматташууну арттыруу боюнча иш алып барат.

22-сентябрдагы жыйында Түрк Кеңеши, ТүркПА, Түрк Академиясы, ТҮРКСОЙ жана Түрк маданияты жана мурасы фондунун 2021-жылы жүзөгө ашыра турган иштерин орток пландоо маселеси каралды. Видеоконференциянын соңунда координациялык комитеттин мүчөлөрү иш алып барган тармактарындагы орток принциптер боюнча макулдашууга жетишишти. Жакынкы күндөрдө комитетке мүчө уюмдардын сунуштары эске алынып, Түрк кызматташтык уюмдарынын жасай турган иш-чараларынын жылдык планы иштелип чыгат. Түрк Кеңешинин жооптуу катчысынын жардамчысы Султан Раев комитетке мүчө уюмдардын ортосундагы координациялык иштерди көзөмөлдөйт.

Соңку жылдарда Түрк дүйнөсүнүн орток эл аралык уюмдарынын иш аракеттери жана таасири артты. Түрк Кеңеши демилгелеген координациялык иштер өз убагында ташталган туура кадам десек жаңылышпайбыз. Мындай иш-чаралар түрк мамлекеттери тарабынан түрк дүйнөсүндө кызматташтыкты арттыруу үчүн бөлүнгөн каржынын эффективдүү жана туура багытта колдонулушуна шарт түзөт. Мындай кадамдар аты аталган уюмдарда орток көз караштын жаралышына салым кошот.

Түрк дүйнөсү мамлекеттеринин кызматташтык уюмдарынын координациялык комитетинде, жалпысынан Түрк Кеңешинде дагы көбүрөөк пайдалуу иштер жасалышы үчүн уюмдагы адистердин санын көбөйтүү керек. Анткени Түрк Кеңеши ТүркПА, Түрк Академиясы, ТҮРКСОЙ жана Түрк маданияты жана мурасы фондун координациялоодон сырткары түрк дүйнөсүнүн билим берүү, жаштар жана спорт, экономика, транспорт, бажы, туризм, диаспора, коммуникация, медиа жана информация тармактарында координациялык иштердин уюштурулушу, бул тармактардагы кызматташтыктын өнүгүшү, ар бир тармакта уюмдашуунун жүрүшү маселелерин жүргүзүүгө аракет кылууда. Стамбул шаарында жана Түркияда магистратура менен докторантурада окуп жаткан Түрк республикаларынан келген студенттерге Түрк Кеңешинде 1 жылдык практикадан өтүү мүмкүнчүлүгү жаратылса, уюмдун иш аракеттерине пайдалуу болот. Баса белгилей кетели, кийинки Түрк Кеңеши саммитинде Нурсултан Назарбаевдин сунушу эске алынып, аты аталган уюмдардын аттарындагы “Түрк тилдүү өлкөлөр” деген сөздүн ордуна “Түрк мамлекеттери” деген сөздүн колдонула башташы боюнча чечим кабыл алынышы керек.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков.



Тектеш кабарлар