Түркия-Азербайжан мамилелери

Евразия күндеми-38

1492693
Түркия-Азербайжан мамилелери

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түркия-Азербайжан мамилелерине байланыштуу соңку маанилүү окуялар тууралуу сөз кылабыз.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын башында Түркия-Азербайжан мамилелерине тиешелүү маанилүү окуялар байма-бай болуп өттү. Алгач ошол окуяларга көз чаптыралы: 2-сентябрда Азербайжандын президенти Илхам Алиев Грециянын жаңы дайындалган элчиси Николаос Пиперигкостун ишеним катын кабыл алуу аземинде Жер Ортолук деңизинин чыгыш аймагында Түркиянын чалгындоо иштери сыяктуу бардык маселелерде Түркияны колдой тургандыгын билдирип: “Армения, Греция жана Кипрдин грек бөлүгүнүн ортосундагы аскердик кызматташтык бизди тынчсыздандырууда,”- деди.

7-сентябрь күнү Азербайжан Президентинин орун басары, Президенттик Администрациянын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Хикмет Хажиев баштаган делегация Түркияга иш сапары менен келди. Азербайжан делегациясы Түркиянын Президенттик Администрациянын Байланыш бөлүмүнүн башчысы Фахреттин Алтун менен жолугушту. Жолугушууда байланыш тармагындагы кызматташтык талкууланды. Жолугушуунун аягында Түркия-Азербайжан медиа платформасын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди. Хажиев жетектеген делегация өз иш сапарынын алкагында Түркиянын байланыш тармагында иш алып барган мекемелердин жетекчилери менен жолугушту.

Азербайжандын улуттук жыйынынын төрагасынын орун басары Адил Алиев 9-сентябрда Түркиянын Жер Ортолук деңизиндеги иш-аракеттерин колдогонун жарыялап, Түркиянын досторун дос, душмандарын душман деп кабыл алышаарын билдирди. Азербайжандын улуттук жыйынынын төрагасынын орун басары: “Президент Илхам Алиевдин жаңы дайындалган Грециянын элчисине бул позицияны билдиргени жана Түркиянын жанында экендигибизди жарыялаганы бир гана Греция тарабына эмес, бүтүндөй дүйнөгө багытталган ачык билдирүү болуп саналат. Дүйнөнүн кайрадан түрктүн күчүн көрө турган мезгили келди,” - деди.

11-12-сентябрь күндөрү Азербайжандын улуттук парламентинин төрайымы Сахибе Гафарова чет өлкөгө алгачкы иш сапарын Түркияга жасады. Гафарова жетектеген Азербайжан делегациясы алгач Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту. Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык талкууга алынды. 12-сентябрда Сахибе Гафарованы президент Режеп Таййип Эрдоган кабыл алды. Гафарова жетектеген делегация Түркиянын соода министри Рухсар Пекжан менен жолугушту. Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык мамилелер, тараптар ортосунда макулдашылып жаткан “Эркин соода келишиминин” деталдары талкууланды.

 Акыркы күндөрдө болуп өткөн окуялардан байкалгандай эле, Түркия-Азербайжан мамилелери “эки мамлекет, бир улут” ураанына шайкеш абалда өнүгүп жатат. Түркия менен Азербайжан тарабынан август айында ортоктошо өткөрүлгөн аскердик машыгуулар аймактагы кээ бир мамлекеттерди чочутту жана алардын Түркияга каршы агрессивдүү саясат жүргүзө башташына себеп болду. Ушундан улам президент Илхам Алиевдин Грециянын жаңы элчисин кабыл алуу учурунда Түркияны колдоп билдирүү жасаганы туура болгон десек жаңылышпайбыз. Азербайжан менен Түркиянын ортосунда калыптанып калган жогорку даражалуу кызматкерлердин чет өлкөгө алгачкы иш сапарларын бири-бирине жасоо салты, Азербайжандын Улуттук жыйынынын төрайымы болуп жакында дайындалган Сахибе Гафарова тарабынан да өзгөрбөстөн улантылганы мактоого татыйт.

Түркия менен Азербайжандын медиа тармагында орток платформа уюштуруу боюнча макулдашышканы аябай туура кадам болду. Аймак опурталдуу мезгилди башынан өткөрүп жаткан учурда бул кызматташтык эки тарапка тең пайдалуу болуп эсептелет. Бул иш-чара Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттер тарабынан да колдоого алынса, бүтүндөй түрк дүйнөсүнө пайдалуу болот.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков

 



Тектеш кабарлар