Түркиянын август айындагы экспорту жарыяланды

Соода министри Өмер Болат август айынын тышкы соода көрсөткүчтөрүн социалдык медиа эсебинен бөлүштү.

2032679
Түркиянын август айындагы экспорту жарыяланды

Экспортто август айынын эң жогорку көрсөткүчү 21,6 миллиард доллар менен болду.

Соода министри Өмер Болат август айынын тышкы соода көрсөткүчтөрүн социалдык медиа эсебинен бөлүштү.

Жер титирөө кырсыгына жана глобалдык экономиканын басаңдашына карабастан экспорттун туруктуу өсүшүн улантканын белгилеген Болат: «Август айында экспортубуз 1,6 пайызга өсүп 21 миллиард 619 миллион долларга жетти. Ошентип август айында эң жогорку экспорттук көрсөткүчкө жеттик»,-деди.

Соода министрлигинин билдирүүсүндө, август айына карата экспорттун акыркы 12 айда 1,2 пайызга өсүп 253 миллиард 574 миллион долларга жеткени билдирилди.

Түркиянын экинчи чейректе товар экспортун көбөйткөн үч G20 өлкөсүнүн бири болгонуна көңүл бурулуп, өлкөнүн Франциядан кийин 2,3 пайыздык өсүү менен экинчи чейректе экспортун арттырган экинчи өлкө болгону жарыяланды.

Август айында эң көп экспорт көлөмүн түзгөн өлкө 1 миллиард 783 миллион доллар менен Германия болду. Бул өлкөдөн кийин 1 миллиард 322 миллион доллар менен АКШ жана 1 миллиард 91 миллион доллар менен Ирак орун алды.

Август айында эң көп экспорт жасаган өлкөлөр тобу 8 миллиард 520 миллион доллар менен Европа Биримдиги, 3 миллиард 814 миллион доллар менен Жакынкы жана Орто Чыгыш өлкөлөрү жана 3 миллиард 463 миллион доллар менен башка Европа өлкөлөрү болду.



Тектеш кабарлар