Түрк лосось экспорту жылдын 5 айында 45 пайызга өстү

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Сафет Калёнжу аймактан 19 өлкөгө 12 миң 633 тонна түрк лосось балыгы экспорттолгондугун айтты.

2151109
Түрк лосось экспорту жылдын 5 айында 45 пайызга өстү

Январь-май айларынын аралыгында Чыгыш Карадеңиз аймагынан түрк лосось экспорту жылдык эсепте 45 пайызга өсүп, 67 миллион 125 миң 19 долларга жетти.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Сафет Калёнжу, аймактан 19 өлкөгө 12 миң 633 тонна түрк лосось балыгы экспорттолгондугун айтты.

Бул экспорттон 67 миллион 125 миң 19 долларлык киреше түшкөнүн кабарлаган Калёнжу, экспорттун 6 миң 804 тоннадан 46 миллион 312 миң 374 долларлык киреше алган өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу сан жагынан 86 пайызга, нарк жагынан 45 пайызга өскөнүн айтты.

Калёнжу түрк лосось экспортунда Орусия Федерациясынын алдыңкы орунда экенине көңүл буруп: «Орусия Федерациясы, Вьетнам жана Беларусь эң көп экспорт кылынган үч өлкө болду. Бул мезгилде Орусия Федерациясына 42 миллион 640 миң 594, Вьетнамга 9 миллион 663 миң 162, Белоруссияга 6 миллион 711 миң 966 долларлык лосось экспорттолду»,- деди. 



Тектеш кабарлар