Түркиянын татымал өндүрүү тармагынын экспорту

Эгей дан, буурчак, май өсүмдүктөрү жана азыктарын экспорттоочулар бирикмесинин төрагасы Мухаммет Өзтүрк, жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2165982
Түркиянын татымал өндүрүү тармагынын экспорту

Түркиянын татымал өндүрүү тармагынын жылдын биринчи жарымындагы экспорт кирешеси 113 миллион долларга жетти.

Эгей дан, буурчак, май өсүмдүктөрү жана азыктарын экспорттоочулар бирикмесинин төрагасы Мухаммет Өзтүрк, жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Түркиянын лавр жана тимьян экспортунда дүйнө лидери экенин жана көптөгөн татымал сортторун дүйнөнүн маанилүү камсыздоочуларынын арасында экенин баса белгиледи.

Өзтүрк:"Түрк татымал өнөр жайы жылдын биринчи жарымында 113 миллион долларлык экспорт жасады. Бул экспорттун 74 миллион долларын Эгей аймагы ишке ашырды. Эгей деңизи өткөн жылдардагыдай бул жылы да татымал экспортунда күчүн көрсөттү. 2024-жылдын экинчи жарымында татымал экспортундагы көрсөткүчүбүздү сактап, өлкө боюнча 250 миллион долларлык экспорт жасайбыз",-деп айтты.

Өзтүрк, жылдын биринчи жарымында татымал экспортунда биринчи орунда турган лавр экспортунун 57 пайызга өсүп 36 миллион долларга, тимьяндын экспортунун 11 пайызга өсүп 27 миллион долларга, кара мурч жана кызыл калемпир тобунун да 27 пайызга өсүп  10,6 миллион долларга жеткенин белгиледи.



Тектеш кабарлар