Түркияга келген эл аралык түз инвестиция...

Эл аралык инвесторлор ассоциациясы (YASED) Эл аралык түз инвестициялар бюллетенин чыгарды.

2151104
Түркияга келген эл аралык түз инвестиция...

Түркияга келген эл аралык түз инвестиция быйылкы жылдын алгачкы 4 айында 2,8 миллиард долларга жетти.

Эл аралык инвесторлор ассоциациясы (YASED) Эл аралык түз инвестициялар бюллетенин чыгарды.

Буга ылайык апрель айында Түркияга 1 миллиард 278 миллион доллар эл аралык түз инвестиция келди. Бул жылдын биринчи 4 айындагы эң жогорку айлык инвестициялык сумма болду.

Апрель айында Түркияга 134 миллион доллар жана 28 пайыздык үлүш менен Улуу Британия эң көп түз эл аралык инвестиция салды. Бул өлкөдөн кийин 21 пайыздык үлүш менен АКШ турат. Жылдын алгачкы 4 айына баа берилгенде Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрү жалпы инвестициянын 49 пайызын алса, Америка континентинин үлүшү 21 пайызды түздү.

Эл аралык түз инвестициянын жалпы көлөмү жылдын биринчи 4 айында 2,8 миллиард долларды түздү.

2002-жылдан бери Түркияга келген эл аралык түз инвестициянын жалпы көлөмү 266 миллиард доллардан ашты.



Тектеш кабарлар