Түркиянын мөмө жана жашылча-жемиш экспорту

Жер Ортолук деңиз мөмө жана жашылча-жемиш экспорттоочулар бирикмесинин төрагасы Ферхат Гүрүз жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2152176
Түркиянын мөмө жана жашылча-жемиш экспорту

Түркиядан май айында 284 миллион долларлык мөмө жана жашылча-жемиш экспорттолду.

Жер Ортолук деңиз мөмө жана жашылча-жемиш экспорттоочулар бирикмесинин төрагасы Ферхат Гүрүз жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, өлкө боюнча мөмө жана жашылча-жемиш экспортунун май айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 14 пайызга өскөнүн белгиледи.

Гүрүз экспортто өлкө боюнча олуттуу өсүү болгондугун маалымдап, май айында сектор эң көп экспорт кылган өлкөлөрдүн Орусия, Ирак жана Германия экенин кабарлады.



Тектеш кабарлар