Moody's Түркиянын өсүү болжолун жогорулатты
Moody's Global Macro Outlook 2023 - 24 отчетунун августтагы санын чыгарды.
2031797

Эл аралык кредиттик рейтинг агенттиги Moody's түрк экономикасы үчүн быйылкы өсүү болжолун 2,6 пайыздан 4,2 пайызга, келерки жылы 2 пайыздан 3 пайызга көтөрдү.
Moody's Global Macro Outlook 2023 - 24 отчетунун августтагы санын чыгарды.
Кабарда түрк экономикасында быйыл 4,2 пайыз, келерки жылы 3 пайыз өсүүсү күтүлгөндүгү билдирилди.
Moody's май айында жарыялаган отчетунда түрк экономикасынын быйыл 2,6 пайыз, келерки жылы 2 пайыз өсөөрүн болжолдогон.