Moody'sтин Түркия талдоосу

Шимшек эл аралык насыя рейтинги агенттиги Moody'sтин түрк экономикасына карата жылдык талдоосундагы билдирүүлөрүнө байланыштуу социалдык медиа баракчасынан маалымат бөлүштү.

2022993
Moody'sтин Түркия талдоосу

Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек Түркиянын экономикада эрежелерге негизделген, эл аралык нормаларга ылайык келген саясаттарды ишке ашырууга чечкиндүү экенин билдирди.

Шимшек эл аралык кредиттик рейтинг агенттиги Moody'sтин түрк экономикасына карата жылдык талдоосундагы билдирүүлөрүнө байланыштуу социалдык медиа баракчасынан маалымат бөлүштү.

Moody'sтин Түркиянын эрежелерге негизделген жана алдын ала божомолдоого боло турган саясатка өтүшүнүн өлкөнүн кредиттик көз карашы жана рейтинги жагынан оң экенин көрсөткөн талдоосуна көңүл бурган Шимшек: «Биз макрофинансылык туруктуулукту камсыз кылуу жана өлкөбүздүн соккуларга бекемдигин жогорулатуу үчүн эл аралык нормаларга ылайык келген, эрежеге негизделген саясатты ишке ашырууга чечкиндүүбүз. Мунун биздин кредиттик рейтингибизге чагыларына ишенебиз»,-деди.



Тектеш кабарлар