Түркияда жумушсуздук көрсөткүчү төмөндөдү

Түркия статистика мекемеси (TÜİK) январь айынын жумушчу күчү статистикасын жарыялады.

1957800
Түркияда жумушсуздук көрсөткүчү төмөндөдү

Түркияда жумушсуздук көрсөткүчү январь айында жарым пунктка азайып 9,7ге төмөндөдү.

Түркия статистика мекемеси (TÜİK) январь айынын жумушчу күчү статистикасын жарыялады.

Жумушсуздуктун деңгээли 2022-жылдын августунан бери биринчи жолу бир орундуу санга түштү жана январь айында 0,5 пунктка азайып 9,7 пайызды түздү.

Жумушсуздардын саны өткөн айга салыштырмалуу 166 миң кишиге кыскарып, 3 миллион 424 миң киши деп белгиленди.

31 миллион 837 миң адамдын иш менен камсыз болгондугу аныкталды.

Жумуштуулук көрсөткүчү болсо 0,5 пунктка өсүп 48,9 пайызга жетти. Ал эми жумуш күчүнө катышуу деңгээли 54,1 пайызга өстү.



Тектеш кабарлар