Түркиянын экспорту өсүүдө

Ноябрь айынын убактылуу тышкы соода көрсөткүчтөрү жарыяланды.

1925656
Түркиянын экспорту өсүүдө

Түркиянын экспорту ноябрь айында 21 миллиард 900 миллион доллар болду.

Түркиянын статистикалык мекемеси жана Соода министрлиги биргеликте түзгөн ноябрь айынын убактылуу тышкы соода көрсөткүчтөрү жарыяланды.

Буга ылайык, жалпы соода системасынын (GTS) алкагында экспорт ноябрь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 2,1 пайызга өсүп 21 миллиард 900 миллион долларга жетти.

Январь-ноябрь айларында экспорт өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 13,9 пайызга өсүп, 231 миллиард 295 миллион доллар болду.

Ноябрь айында Германия 1 миллиард 859 миллион доллар менен экспортто биринчи орунду ээледи. Бул өлкөдөн кийин 1 миллиард 447 миллион доллар менен АКШ, 1 миллиард 302 миллион доллар менен Ирак, 1 миллиард 156 миллион доллар менен Орусия жана 1 миллиард 78 миллион доллар менен Италия турат. Ноябрь айында биринчи 5 өлкөгө жасалган экспорт жалпы экспорттун 31,2 пайызын түздү.

Январь-ноябрь айларында да Германия экспортто биринчи орунду ээледи. Бул өлкөгө 19 миллиард 339 миллион долларлык экспорт жасалды. Германиядан кийин 15 миллиард 502 миллион доллар менен АКШ, 12 миллиард 602 миллион доллар менен Ирак, 11 миллиард 946 миллион доллар менен Британия жана 11 миллиард 306 миллион доллар менен Италия турат. Бул мезгилде биринчи 5 өлкөгө жасалган экспорт жалпы экспорттун 30,6 пайызын түздү.



Тектеш кабарлар