ЭВФ Украина согушу дүйнөлүк экономикага «оор» таасирин тийгизет деп эскертти

Эл аралык Валюта Корунун билдирүүсүндө, фонддун аткаруу кеңеши Кристалина Георгиеванын жетекчилигинде чогулуш өткөрдү.

1790637
ЭВФ Украина согушу дүйнөлүк экономикага «оор» таасирин тийгизет деп эскертти

Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Украинада уланып жаткан согуш жана ага байланыштуу санкциялар дүйнөлүк экономикага «оор» таасирин тийгизерин эскертти.

Эл аралык Валюта Корунун билдирүүсүндө, фонддун аткаруу кеңешинин Кристалина Георгиеванын жетекчилигинде чогулуп, Украинадагы согуштун экономикалык кесепеттеринен жапа чеккен өлкөлөр үчүн мүмкүн болуучу тез каржылык жардамды талкуулаганы белгиленди.

Украинадагы согуштун өлкөнүн физикалык инфраструктурасына чоң зыян келтиргенине көңүл бурулуп, коңшу өлкөлөргө 1 миллиондон ашуун качкындын толкунуна себеп болгону жана Орусияга болуп көрбөгөндөй санкциялардын жарыяланышына себеп болгону белгиленди.

Энергия жана чийки зат, анын ичинде буудай жана башка дан эгиндеринин кымбаттап жатканы жана баалардын чукул көтөрүлүүсү бүткүл дүйнөгө таасир этээри баса белгиленген билдирүүдө, «Чыр-чатактар ​​курчуп кетсе, экономикалык зыян андан да кыйраткыч болот»,делди.

Эл аралык Валюта Корунун билдирүүсүндө Орусияга каршы санкциялардын дүйнөлүк экономикага жана каржы базарларына олуттуу таасир тийгизе турганы белгиленди.

Украина жана Орусия менен абдан тыгыз экономикалык байланыштары бар өлкөлөрдүн өзгөчө «жокчулук жана камсыздоо үзгүлтүктөрү» коркунучунда экени белгиленген билдирүүдө, «Учурда уланып жаткан согуш жана ага байланыштуу санкциялар глобалдык экономикага оор таасирин тийгизет»,деген баалоо камтылган.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар