Министр Муш: «Түркия акыркы 10 жылдын эң күчтүү өсүшүнө жетишти»

Министр Муш социалдык тамактагы баракчасынан өсүү көрсөткүчтөрүнө баа берди.

1786968
Министр Муш: «Түркия акыркы 10 жылдын эң күчтүү өсүшүнө жетишти»

Соода министри Мехмет Муш Түркиянын акыркы 10 жылдын эң күчтүү өсүүсүнө жетишкенин айтты.

Министр Муш социалдык тамактагы баракчасынан өсүү көрсөткүчтөрүнө баа берип: "Экспортубуз өсүштүн кыймылдаткыч күчү болууну улантууда. Түркиянын экономикасы 2021-жылы 11 пайызга өсүп, акыркы 10 жылдын эң күчтүү өсүүсүн камсыздады. Товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн таза экспортунун өсүүгө кошкон салымы 4,9 балл болду. 2021-жылдагы өсүштүн 44,2 пайызы таза экспорттун салымы менен ишке ашты",-деди.



Тектеш кабарлар