Аскердик операциядан кийин мунай менен алтындын баалары көтөрүлдү
Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалуунун кесепети.
![Аскердик операциядан кийин мунай менен алтындын баалары көтөрүлдү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7324/9680/53ab/5a55d06bca298.jpg?time=1718730910)
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы Донбасста атайын аскердик операция жүргүзүү чечимин кабыл алгандан кийин Brent мунайынын бир баррелинин баасы 2014-жылдан бери биринчи жолу 100 долларга көтөрүлдү.
Brent мунайынын баррель баасы 3 пайыздан ашык кымбаттап, 2014-жылдан бери биринчи жолу 100 долларды түздү.
Владимир Путин жарыялаган аскердик операция, аймакта энергетикалык камсыздоо үзгүлтүккө учурайт деген кооптонууну күчөттү.
Бир тараптан Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалуу да алтындын кымбатташына алып келди.
Инвесторлор "коопсуз порт" деп эсептеген алтындын унций баасы дээрлик 2 пайызга жогорулап 1.944 долларды түздү.
Тектеш кабарлар
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718730910)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.