Fitch Түркия үчүн өсүү божомолун жогорулатты

Фитчтин билдирүүсүндө Түркиянын кредиттик рейтинги жана болжолунун тастыкталгандыгы белгиленди.

1690986
Fitch Түркия үчүн өсүү божомолун жогорулатты

Fitch Ratings быйылкы жылы Түркия үчүн өсүү күтүүсүн 6,3 пайыздан 7,9 пайызга көтөрдү.

Эл аралык кредиттик рейтинг агенттиги Fitch Ratings Түркиянын кредиттик рейтингин "BB-" жана рейтингинин болжолун "туруктуу" бойдон калтырды.

Фитчтин билдирүүсүндө Түркиянын кредиттик рейтинги жана болжолунун тастыкталгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө, оң базалык таасирдин жана ички суроо-талаптын басаңдоосунан улам 2021-жылдын аягында инфляциянын 16,9 пайызга чейин төмөндөшү күтүлүп жатканы, орточо жылдык инфляциянын келерки жыл үчүн 14,6 пайыз жана 2023-жыл үчүн 11,8 пайыз деп божомолдону айтылды.  

Фитчтин билдирүүсүндө, айрыкча жылдын биринчи чейрегиндеги күчтүү көрсөткүчтөрдөн улам Түркия үчүн быйылкы жылдын өсүү күтүүсүнүн 6,3 пайыздан 7,9 пайызга чейин жогорулаганы маалымдалды.

Бул жылдын экинчи жарымында ички суроо-талаптын басаңдоосунун күчтүү экспорт жана туризм тармагындагы калыбына келүү менен тең салмакта болооруна көңүл бурулган билдирүүдө, 2022-жылы өлкө экономикасынын 3,5 пайызга өсүшү күтүлгөнү айтылды.

Билдирүүдө, учурдагы эсеп тартыштыгынын кыскаргандыгы жана ушул жылдын экинчи жарымында туризм кирешелеринин жакшырышы менен эсеп тартыштыгынын 2021-жылы ички дүң продукциянын 3 пайызына чейин төмөндөй турганы маалымдалды.  



Тектеш кабарлар