Түркиянын экспорту рекорддук деңгээлге жетти

Түркиянын экспорту июнь айында 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 46,9 пайызга өстү.

1673228
Түркиянын экспорту рекорддук деңгээлге жетти

Июнь айында Түркиянын экспорту 19 өлкөдө рекорддук деңгээлге жетти.

Түрк Экспортчулар Ассамблеясынын (TIM) маалыматына караганда, Түркиянын экспорту июнь айында 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 46,9 пайызга өсүп 19 миллиард 773 миллион долларды түздү.

Түркиянын айлык экспорттоодо рекорд жаңылаган өлкөлөр Германия, Америка Кошмо Штаттары, Италия, Нидерландия, Румыния, Болгария, Канада, Чехия, Австрия, Сербия, Мексика, Кыргызстан, Сенегал, Колумбия, Косово, Жибути, Кот-д'Ивуар, Доминикан Республикасы, Парагвай болду.


Этикеткалар: #Түркиянын экспорту

Тектеш кабарлар