Казына жана каржы министри Элван G20 жыйынына катышууда

Элван, кечээки биринчи күнүнөн кийин Твиттердеги баракчасынан баа берди.

1673021
Казына жана каржы министри Элван G20 жыйынына катышууда

Казына жана каржы министри Лүтфи Элван, G20 өлкөлөрү катары бүгүнкү жыйындарында глобалдык коркунуч жарата баштаган инфляция кысымына көңүл бургандарын билдирди.

G20нын мөөнөттүү төрагасы Италиянын тарыхый Венеция шаарында уюштурулган Чоң жыйырманын каржы министрлеринин жана Борбордук банкынын башчыларынын быйылкы үчүнчү жыйынына катышкан Элван, кечээки биринчи күнүнөн кийин Твиттердеги баракчасынан баа берди.

Элван: «Биз G20 министрлеринин жыйынынын биринчи күнүн жыйынтыктадык. Дүйнөлүк коркунучту туудурган инфляциялык кысымына көңүл бурдук. Эл аралык каржы архитектурасы темасында өз көз карашыбызды билдирдик. Көп тараптуу Өнүгүү Банктарынын пандемияга каршы күрөштөгү маанилүүлүгүн айттык», деди.

Министр Элван жыйындын алкагында эки тараптуу жолугушууларын да улантты.

Элван мексикалык кесиптеши Артуро Эррера Гутиеррес жана аргентиналык кесиптеши Мартин Гусман менен өз-өзүнчө жолугушту.

Министр Элван жыйындын (кечээ) эртең мененки бөлүгүндө америкалык кесиптеши Жанет Л. Йеллен, Франциянын экономика жана каржы министри Бруно Ле Майер жана Түштүк Кореянын экономика жана каржы министри Нам-Ки Хонг менен жолугушкан болчу.



Тектеш кабарлар