Түркиянын медициналык маска жана одеколон экспорту өстү

Түркия өткөн жылы 135 өлкөгө бир жолу колдонулуучу медициналык маска, ал эми 116 өлкөгө одеколон экспорттоду.

1577958
Түркиянын медициналык маска жана одеколон экспорту өстү

Түркиянын медициналык маска жана одеколон экспорту 2020-жылы жылы 22 эсеге өстү.

Өткөн жылы коронавируска (Ковид-19) каршы күрөш жүрүп жатканда, жеке гигиена каражаттары жана медициналык буюмдар чоң кызыгуу жаратты.

Түркиянын бир жолу колдонулуучу медициналык маска жана одеколон экспорту өткөн жылы 2019-жылга салыштырмалуу болжол менен 21,6 эсеге көбөйүп 244 миллиард 872 миллион 760 долларга жетти.

Түркия өткөн жылы 135 өлкөгө бир жолу колдонулуучу медициналык маска, ал эми 116 өлкөгө одеколон экспорттоду.

Өлкөнүн 2020-жылдагы бир жолу колдонулуучу медициналык маска экспорту мурунку жылга салыштырмалуу 123 эсеге көбөйүп 216 миллион 678 миң 896 долларга жетти жана рекорд жаңылады. Медициналык масканын экспорту 2019-жылы 1,8 миллион доллар деңгээлинде болгон.

Өткөн жылы Түркиядан Германияга 31,4 миллион долларлык бир жолу колдонулуучу медициналык маскалар сатылды. Германиядан кийин 25 миллион доллар менен Франция, 13,9 миллион доллар менен Ливия, 13,8 миллион доллар менен Кытай, 12,1 миллион доллар менен Румыния ээледи.

Түркиядан 2020-жылы эң көп медициналык маска сатып алган берки өлкөлөр Британия, Нидерландия, Испания, Кувейт жана Италия болду.

Одеколондун экспорту да өткөн жылы 28 миллион 193 миң 864 долларды түздү. Бул көрсөткүч 2019-жылы 9,1 миллион доллардын тегерегинде болгон.

Өткөн жылы түрк одеколонун эң көп сатып алган өлкө 7,6 миллион доллар менен Германия болду. Бул өлкөдөн кийин 3,7 миллион доллар менен Нидерландия, 2,4 миллион доллар менен Ирак, 1,6 миллион доллар менен АКШ жана 1,6 миллион доллар менен Улуу Британия ээледи.

Бул мезгилде Түркиянын одеколон экспортунда алдыга чыккан берки өлкөлөр Сауд Арабия, Түркмөнстан, Бельгия, Франция жана Иран болду.



Тектеш кабарлар