Түркия автоунаа өндүрүүчү ишканалардын саны боюнча Европанын 18 өлкөсүн оозуп кетти
Түркиянын автомобиль өнөр жайы, унаа сатуу жагынан Европада маанилүү орунга ээ.
1573559
![Түркия автоунаа өндүрүүчү ишканалардын саны боюнча Европанын 18 өлкөсүн оозуп кетти](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/cd8c/a2a1/643f/6013c9792f2d7.jpg?time=1718721014)
Европа континентинде 2019-жылдын акырынан тарта 25 башка өлкөдө жалпы 298 автоунаа өндүрүүчү ишкана бар болсо, Түркия 17 өндүрүштүк ишканасы менен 18 Европа өлкөсүн артта калтырды.
Өндүрүшүнүн жарымынан көбүн экспорттогон Түркиянын автомобиль өнөр жайы, унаа сатуу жагынан Европада маанилүү орунга ээ.
Европа континентинде 42 ишкана менен Германия биринчи орунда турат. Андан кийин 31 ишкана менен Россия жана Франция, 30 ишкана менен Британияда, 23 ишкана менен Италия жана 17 ишкана менен да Түркия менен Испания орун алды.
Ушундайча 17 ишкана менен Түркия, ишканалардын саны боюнча 18 Европа өлкөсүн артта калтырып, Европа континентинде бешинчи орунду ээледи.