Сауд Арабиясы менен Россиянын кызматташтыгы уланууда
Жолугушуудан кийин Сауд Арабиясынын расмий агенттиги SPA тарабынан билдирүү жасалды.
Сауд Арабиясы менен Россия экономикалык кызматташтыгын арттыруу боюнча ишти улантууга макулдашышты.
Россия-Сауд Аравиясынын өкмөттөр аралык кызматташтык комитети Сауд Арабиясынын энергетика министри принц Абдулазиз бин Салман бин Абдулазиз жана Россиянын премьер-министринин орун басары Александр Новактын төрагалыгы астында Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияд шаарында чогулду.
Жолугушуудан кийин Сауд Арабиясынын расмий агенттиги SPA тарабынан жасалган билдирүүдө, бийлик эки өлкөнүн ортосундагы соода, экономикалык, өнөр жай жана инвестициялык кызматташтыкты арттыруу боюнча ишти улантууга макул экендиги белгиленди.
Бийликтер ошондой эле Өкмөттөр аралык кызматташтык комитетинин 7-кезектеги жыйынын 2021-жылы Сауд Арабиясында өткөрүүнү чечкени белгиленди.
Тектеш кабарлар
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.