Түркиянын хамси балыгынын экспорту
Түркия сентябрь-ноябрь мезгилинде 17 өлкөгө хамси балыгын экспорттоду.
1543362
![Түркиянын хамси балыгынын экспорту](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/da2b/3de8/cc4b/5a966bc1b1fcc.jpg?time=1718788188)
Түркия сентябрь-ноябрь мезгилинде 17 өлкөгө жасалган хамси балыгынын экспортунан 2 миллион 289 миң 25 доллар киреше алды.
Бельгия, Франция жана Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жылдын сентябрь-ноябрь айларында эң көп хамси экспорттолгон өлкөлөр болушкан.
Ушул мезгил аралыгында Бельгияга 906 миң 345 доллар, Францияга 797 миң 29 доллар жана АКШга 243 миң 710 доллар көлөмүндө хамси экспорттолгон.
Түркиядан жылдын сентябрь-ноябрь айларында өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде экспорт жасалбаган Греция, Болгария жана Казакстанга да быйыл хамси жөнөтүлдү.
Тектеш кабарлар
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718788189)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.