Евро аймагында жумушсуздук июлда өстү

Евростат жумушсуздук көрсөткүчтөрүн жарыялады.

1482911
Евро аймагында жумушсуздук июлда өстү

Евро аймагында коронавирустук чара көрүүлөр жумшартылган июль айында жумушсуздук 7,9 пайызга өстү.

Европанын статистикалык агенттиги (Евростат) Европа Биримдиги (ЕБ) менен Евро аймагынын июль айындагы жумушсуздук көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Буга караганда, 19 мүчөлүү Евро аймагында июнь айында 7,7 пайыз болгон жумушсуздук июлда 7,9 пайызга чейин жогорулады.

ЕБде болсо июнь айында 7,1 пайызды түзгөн жумушсуздук июлда 7,2 пайызга өстү.

Евробиримдикте жумушсуздардын саны июль айында 15 миллион 184 миңге жетип, анын 12 миллион 793 миңи Евро аймагында катталды.



Тектеш кабарлар