Түркиянын жашылча-жемиш экспорту

Улудаг жашылча-жемиш экспортчулары биримдиги жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын глобалдык азык-түлүк базарына маанилүү өзгөрүүлөрдү алып келгенин билдирди.

1440123
Түркиянын жашылча-жемиш экспорту

Түркиянын жашылча-жемиш экспорту январь-май мезгилинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга өсүү көрсөттү.

Улудаг жашылча-жемиш экспортчулары биримдиги жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын глобалдык азык-түлүк базарына маанилүү өзгөрүүлөрдү алып келгенин, Түркиянын бул абалды мүмкүнчүлүккө айландыра алганын баяндады.

Биримдиктин жазуу түрүндөгү жарыясында, «Түркия, географиялык абалына ылайык Европага 2-3 күндүк транспортация мезгилинде, каалаган товарын абдан оңой жеткире алуусу жагынан чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Биз Европага дагы Росссияга дагы оңой эле товар жеткире алабыз. Скандинавия өлкөлөрү да акыркы жылдарда биз үчүн жакшы бир базарга айланды. Муну менен катар жашылча жемиш үчүн алдыбыздагы эң маанилүү базары Ырааккы Чыгыш базары болуп саналат»,делди.



Тектеш кабарлар