Дүйнө жүзүндө электр унааларынын саны өстү
Электр унааларынын көпчүлүгү Кытайда
Дүйнө жүзүндө электр унааларын сатуу 2019-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 40 пайызга көбөйүп, 2 миллион 100 миңге жетти.
Ушундайча жолдордогу электрдүү унаалардын саны 7 миллион 200 миңге чейин көбөйдү.
Эл аралык Энергетика Агенттигинин (IEA) Электр унааларынын глобалдык көрүнүшү-2020 отчетунан алынган маалыматка караганда, өткөн жылы дүйнө жүзүндө унаа сатуу 15 пайызга төмөндөдү, ал эми электр унааларын сатуу көбөйдү.
Былтыркы сооданын 1 миллион 60 миңи Кытайга багытталды.
Европада болсо 561 миң электр унаасы сатылды. Ал эми АКШда 327 миң электр унаасы сатылды.
Былтыркы сатуулардан кийин Кытайдагы электрдүү унаалардын жалпы саны 3 миллион 400 миңге жакындап, Европада 1 миллион 700 миң жана АКШда 1 миллион 500 миңге жетти.
Дүйнөдөгү жалпы электр транспортунун 46,5 пайызы Кытайда жайгашкан.