Түркиянын эң баалуу бренди Түрк аба жолдору
Brand Finance 2020 - жылга байланыштуу «Түркиянын эң баалуу бренддери - Түркия 100» эмгегин аяктады.
Эл аралык брендди баалоо агенттиги Brand Finance изилдөөсүнө караганда түрк аба жолдору 2 миллиард долларга жакындаган бренд баасы менен өткөн жылы болгондой бул жылы да «Түркиянын эң баалуу бренди» болду.
Brand Finance 2020 - жылга байланыштуу «Түркиянын эң баалуу бренддери - Түркия 100» эмгегин аяктады.
Тизмеде биринчи орунду 1 миллиард 975 миллион долларлык бренд баасы менен Түрк аба жолдору алган болсо бул фирмадан кийин 1 миллиард 316 миллион долларлык бренд баасы менен Зираат банкы келди.
Тизмеде үчүнчү орунду 1 миллиард 538 миллион долларлык бренд баасы менен Гаранти банкы алса, Turkcell 1 миллиард 361 миллион доллар менен 5 - орундан 4 - орунга, Арчелик болсо 1 миллиард 273 миллион доллар менен 8 - орундан 5 - орунга жогорулады.